Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы административдик доо арыз жазды. Доочу Путин «Коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу» мыйзамды бузган деп эсептейт.

Навальныйдын өкүлү Юрий Жданов 11-февралда Путинге каршы Москванын Тверь райондук сотуна арыз берди.

Навальный Орусиянын президенти Улуттук жыргалчылык фондунан СИБУР компаниясына каражат бөлүп берүү тууралуу токтомго кол коюу менен «Коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу» мыйзамды бузган деп эсептейт.

СИБУРдун акционерлеринин бири (акциялардын 20%ы) болуп Кирилл Шамалов эсептелет — ал Путиндин кызы деп айтылып жүргөн Екатерина Тихонованын күйөөсү.

Бирок Шамалов Путиндин кичүү кызынын күйөөсү деген расмий маалыматтар жок. Навальный «Рейтер» басылмасынын макаласына таянууда.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун негиздөөчүсүнүн пикиринде, аталган компанияга акча бөлүп берүү менен Путин «Коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу» мыйзамда жазылган кызыкчылыктардын кагылышына көңүл бөлгөн эмес.

Навальный президенттин кызыкчылыктар кагылышынын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча аракетсиздигин таанып, Путинди СИБУРга каражат бөлүү тууралуу маселени чечүүдөн карманууга милдеттендирүүнү талап кылууда.

Коррупцияга каршы күрөшүү фонду коррупция фактыларын иликтөө жана «каражаттарды чогултуу менен сарптоо үчүн айкындуулуктун жаңы стандартын түзүү» максатында Алексей Навальный тарабынан 2011-жылы түзүлгөн.

1-январда фонд Орусиянын баш прокурору Юрий Чайканын үй-бүлөсү тууралуу айтылган «Чайка» деген документалдуу тасманы жарыялаган. Анда Чайканын кылмыштуу жана өзгөчө ири масштабдагы коррупциялык иштерге тиешеси бардыгы айтылган.

Бирок тасма президенттин администрациясынын кызыгуусун жараткан эмес. Учурда Чайка башкы прокурорлук кызматта иштөөсүн улантып жатат.