Жергиликтүү кеңештерди шайлоо биринчи жолу биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен өтөт. Марттын аягында Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы беш кеңештин депутаттары шайланышат.

Кыргызстандын беш жергиликтүү кеңешиндеги мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоолордо биометрикалык маалыматтар пайдаланылат. Анда система 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин биринчи жолу иштетилет.

«Бул биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен өтө турган Кыргызстандагы биринчи жергиликтүү шайлоолор болот», — деп билдиришти Боршайкомдон.

БШКнын өкүлү шайлоолордун жүрүшү тууралуу маалыматтарды реалдуу убакта интернет аркылуу көрүүгө болорун айтты.

«Парламенттик шайлоодогудай эле [интернет аркылуу] биздин сайттан көрүп турууга болот», — деди ал.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы беш жергиликтүү кеңешти таркатуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү катары 2016-жылдын 27-марты белгиленген.

Кеңештер депутаттар эки жолу төрагасын шайлай албай койгондуктан улам таркатылган. Жалпысынан беш кеңеш таркатылган:

  • Токмок шаардык кеңеши (Чүй облусу);
  • Майлуу-Суу шаардык кеңеши (Жалал-Абад облусу);
  • Сары-Колот айылдык кеңеши (Ош облусу);
  • Коңур-Дөбө айылдык кеңеши (Ош облусу);
  • Көк-Бел айылдык кеңеши (Ош облусу).

Биометрикалык маалыматтар

Кыргызстан элдин эркин билдирүүсүн биометрия технологияларынын жардамы менен каттоодон өткөргөн КМШдагы алгачкы өлкө болду. Система 2015-жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоодо сыноодон өткөрүлгөн.

Биометрикалык маалыматтар тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы укук коргоочулардын доо арыз менен сотко кайрылуусуна байланышкан окуялар менен коштолгон. Алар мыйзам иштебейт жана Конституцияга каршы келет деп билдиришкен.

Бирок жыйынтыгында Конституциялык палата милдеттүү түрдө биометрикалык маалыматтарды тапшыруу менен өлкөнүн баш мыйзамынын ортосунда карама-каршылыктар жок деген чечим чыгарган.

2015-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин эл аралык байкоочулар добуш берүү «атаандаштык негизде» өткөнүн билдиришкен.

Азыр Кыргызстандын бийлиги парламенттик шайлоонун биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен өткөрүлгөнүн жетишкендик деп айтып, ал добуш берүү процессинин айкындуулугун жогорулатууга жардам берди деп келишет.

Автор: Сезим Каныбекова