УКМК кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын пара менен кармалган мурдагы башчысынын 5 млн. сом жана 2 млн. долларлык кыймылсыз мүлкүн жашырганын аныктап чыгышты. 

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А.нын мыйзамсыз байыгандыгын аныктады.

2015-жылдын декабрында мурдагы салыкчы алкоголдук продукция өндүрүүгө зарыл болгон этил спиртин алууга уруксат берүү үчүн жеке ишкерден 300 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Ал кирешелер жана мүлктөр тууралуу декларация толтурууда туугандарынын атына жазылган жалпы баасы 5 млн. сомдон жана 2 млн. АКШ долларынан ашкан кызмылсыз мүлкүн көрсөткөн эмес.

Аны менен экс-салыкчы «Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлегендердин жана ошондой эле алардын жакын туугандарынын мүлкү жана кирешелери жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоо жана декларациялоо тууралуу» мыйзамды бузган.

Ошондой эле «Ж.А.» менен анын туугандары ал мүлктөрдү сатып алууга тиешелүү мыйзамдуу киреше булактарына ээ эмес болушкан.

Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси (Мыйзамсыз баюу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.

Бул кыргыз чиновниги мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан алгачкы учур эмес. 2015-жылдын октябрында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы коргоо министринин мурдагы орун басары Нуркалый Жумабаевди кармашкан. Анда анын деклорацияда көрсөтүлбөгөн беш жеңил унаасы, эки батири, киши турууга ылайыкташпаган эки имараты, эки турак-үй жана коттеджи менен бир жер тилкесин табышкан.

Депутаттар чиновниктерди кирешелери тууралуу гана эмес, ошондой эле чыгашалары тууралуу дагы отчет берүүгө милдеттендире турган мыйзам кабыл алганы жатышат.