Кыргызстандын президенти Москва метросунда аял өмүрүн сактап калган кыргызстандык Марат Исаевди сыйлайт. Кыргызстандыкка белек сааты жана акчалай сыйлык ыйгарылат.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандык Марат Исаевди сыйлайт. Бул тууралуу 15-февралда белгилүү болду. Ал Москва метросунда рельсаларга жыгылган аялды куткаргандан кийин атагы чыккан.

Исаев белек сааты жана акчалай сыйлык менен сыйланат. Азырынча анын өлчөмү белгисиз.

«Биздин мекендешибиз чукул кырдаалда жоопкер жарандын жана нукура азаматтын өрнөктүү сапатын көрсөттү», — деп жазылган өлкө башчысынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынан Kloop.kgге Исаевди сыйлоо жакынкы убактарда, балким Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде болушу мүмкүндүгүн билдиришти.

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев дагы Марат Исаевдин эрдигине баа берди. Мекеменин жыйынында ал мекендешибиздин кылганы «анда сыймыктануу менен суктануу жаратканын» билдирди.

Метродогу окуя

11-февралда Москва метросунун «Красносельская» станциясында бир аялдын талма оорусу кармап рельстерге кулап кеткен.

Жардамга кыргызстандык Марат Исаев барып, полиция кызматкери Артём Королюк менен биргеликте аялдын өмүрүн сактап калышкан.

Орусия телеканалдары жаңылыктарында полициянын кенже сержантынын гана аты-жөнүн айтышкан.

Соцтүйүндөрдүн кыргыз колдонуучуларынын нааразычылыгынан кийин башкы телеканалдарынын бири репортаждын сюжетин өзгөртүп, ага Исаев тууралуу маалыматтарды кошкон.

Орусия ИИМи полиция кызматкерин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү ниетин билдирген. Исаев иштеп жүргөн «Дизайн Депо» компаниясы баатырдык иши үчүн кыргызстандыкты сыйлоо чечимине келишкен.