Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы түгөйлөрдүн баш кошуусу расмий катталганга чейин нике кыюуга тыюу салуу идеясын колдойт, бирок аны «куру кыял» деп эсептейт.

Муфтияттын өкүлү түгөйлөрдүн баш кошуусу расмий катталганга чейин нике кыюуга тыюу салуу тууралуу парламент депутаттарынын мыйзам долбоору менен макул, бирок анын натыйжалуулугунан күмөн санайт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Жаштар жана түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Мурадилов Kloop.kgге курган маегинде мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө кыйын болорун айтты.

«Эгер никени жалгыз дин кызматкерлери гана эмес, а катардагы эле мусулман адамдын кыя алуусун эске алсак, анда бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө кыйын болот.  Алар үйлөргө кирип, ар бирин текшерип чыга алышпайт. Бул мыйзам долбоору — куру кыял», — деп эсептейт Мурадилов.

Мыйзам долбоору талкууга 2015-жылдын декабрынын аягында коюлган. Анда жашы жете электердин катышуусундагы баш кошуу расмий түрдө катталганга чейин аларга нике кыюу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Мыйзам долбоорунда жашы жете электердин баш кошууларынын жайылышында «ата-энелерден сырткары андай баш кошууларга легитимдүүлүк макамын берген дин кызматкерлери да чоң роль ойной тургандыктары» жазылган.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси — мурдагы башкы прокурор, учурдагы парламент депутаты — Аида Салянова расмий каттоонун жоктугу зомбулук курмандыгы болуп калуу тобокелдигин жогорулатат деп эсептейт.

«ЗАГС органдарынан каттоодон өтпөстөн эле диний ырым-жырымдар менен касиеттөө адам укуктарын одоно бузуу болуп эсептелет, ал зомбулук менен ырайымсыз мамилелердин курмандыгы болуп калуу тобокелдигин жогорулатат», — деди ал эксперттик жолугушуу маалында.

«Динге ишенгендерди эске алуу»

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү адамдарды баш кошууларын расмий каттатууга мажбурлоо керек эмес деп эсептейт.

«Депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору жашы жете элек кезинде турмушка чыккандарды же андай кыздарды ала качкандарды көзөмөлдөө үчүн пайдалуу. Андай аракеттерди дин да жактырбайт. Бирок бардыгын бириктирүүгө болбойт, анткени бизде нике кыйып, дин мыйзамдары менен жашагандар да бар, биз аларды мажбурлай албайбыз», — деп билдирди Мурадилов.

Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча топтун мүчөсү жана «Эркектер зомбулукка каршы» коомдук фондунун президенти Марат Алиаскаров Kloop.kgге мыйзам долбоору кайсыл бир деңгээлде динге ишенгендердин укуктарын кемсинтиши мүмкүндүгүн айтты.

«Азыр биз талкуулоо баскычындабыз. Биз эмнеге бара жатканыбызды, кемчиликтери менен артыкчылыктарын талдап, анын канчалык мыйзамдуу же мыйзамдуу эмес экенин карап чыгалы деп жатабыз. Эгер биз дин кызматкерлерин күчкө салып жоопко тарта турган болсок, анда ал адам укуктарына доо кетирет. Мындай маселелерге чынында этияттык менен мамиле кылуу керек», — деп түшүндүрдү Алиаскаров.

Учурда мыйзам долбоору эксперттер жана эл аралык, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен талкуулоо баскычында.