Нарын облусунда бир жарым жашар наристе тууганынын ур-токмогунан улам чарчап калды. Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган келин — чарчап калган наристенин жеңеси — баланы системалуу түрдө сабап турган.

Милиция тарабынан бир жарым жашар наристенин жеңеси Нарын облусунун Учкун айылындагы өз үйүндө баланы өлөөрчө сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу укук коргоо органдары 15-февралда билдиришти.

Ушул жылдын январынын башында наристенин апасы аны келинине таштап, өзү Бишкекке иштегени кеткен. Тергөөнүн версиясы боюнча, наристенин жеңеси аны системалуу түрдө сабап жүргөн.

Милициянын маалыматы боюнча, качан бала алган жарааттарынан улам эс-учун жоготкондо туугандары дарыгер чакырышкан.

«Дарыгерди бала эс-учун жоготуп баштаганда чакырышкан. Бирок наристе алар келгенге чейин эле чарчап калган. Кийин дарыгер баланын денесинде ур-токмоктун белгилери бар экендиги тууралуу милицияга кабарлаган», — деди Kloop.kgге ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Наристенин жеңеси ошол эле күнү кармалган, ал эми баланын денеси өлүкканага жеткирилип, ал жактан соттук-медициналык экспертизаларды өткөрүү үчүн керектүү анализдер алынган.

Осмонбаев билдиргендей, соттук медициналык эксперттердин болжолдуу маалыматтары боюнча, наристе эч кандай оору менен ооруган эмес жана ур-токмоктон улам чарчап калган.

Баланын апасына окуя тууралуу туугандары кабарлашып, ал Нарынга кайтып келген. Тиешелүү жол-жоболордон кийин наристенин сөөгү туугандарына берилген.

Баланын жеңесине карата «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен ал эки айлык мөөнөткө тергөө абагына камакка алынды. Эгер аны күнөөлүү деп таба турган болушса, анда ал 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Автор: Александра Ли