Kloop.kgнин редакциясы аутист балдардан Бишкек шаарын кандай көрсө ошондой кылып тартып берүүлөрүн өтүндү. Өзгөчө балдар ачык түстөр жана майда деталдар менен өз элестерин көрсөтүштү, а алардын ата-энелери балдарынын эмгектерин түшүндүрүп берүүгө жардамдашышты.

Аутист балдар дүйнөнү башкача көрүшөт. Өз сүрөттөрүндө алар Кыргызстандын борборун тартышты — кимдир бирөө элестетип тартса, башкасы — күн сайын терезе артынан эмне көрсө ошол нерселерди кагаз бетине түшүрдү. Алардын ата-энелери сүрөттөрүн түшүндүрүп берүүгө жардамдашышты.

Ильяс Макеев, 15 жашта

1.Ilyas-Makeev--307x420Өз сүрөтүндө ал Бишкекти күн сайын кандай көрсө ошондой кылып тарткан. Ильяс менен үй-бүлөсү узак убакыт бою чет өлкөдө жашаган, ошондуктан ал шаарды толук билип жетише элек, бирок анын башкы ажайып жайларын өзүндөй кылып тартып, шаар жашоосунун динамикасын сүрөттөп көрсөткөн.

Ильястын апасы Чолпон анын уулу майда деталдарды байкай тургандыгын айтты. Ал баласынын калемсапты кагаздан үзбөстөн сүрөт тартарын байкаган. Ошондуктан сүрөт толугу менен колдун үзгүлтүксүз кыймылында аткарылган.

«Ал өзү болгон жана ага жакшы таасир калтырган жерлерди тартты. [Ильяс] үйдү, мектепти, ал эмес чоң энесинин үйүн тарткан жок. Ал өткөн жылы 2-апрелде шарларды асманга учурган Тарых музейин тартты. Ал аны аутисттердин майрамы катары эстеп калган», — деди Чолпон.

Рустам Ашуров, 13 жашта

Рустам көбүнчө чоң имараттары бар көлөмдүү аятнттарды тартат. Аутист-балдардын ата-энелери менен иштешкен «Рука в руке» бирикмесинин  кызматкерлеринин айтымдарында, Рустамдын архитектор болууга потенциалы бар — ал урбанистикага кызыгат.

«Анын фишкасы — бул А чекитинен Б чекитине чейин барууга мүмкүн болгон узун жолдор, көпүрөлөр», — деп түшүндүрдү биримдиктин өкүлү Наргиза Конушалиева.

Анын айтымында, Рустам эч качан көрүп сүрөт тартпайт, ал качандыр бир кезде китептен окугандарын же уккандарын кагаз бетине түшүрөт.

Ал Бишкек Фрунзе деп аталып жүргөн кезде төрөлө элек болгонуна карабастан өзүнүн элестетүүсү боюнча шаардын ошол кездегисин көрсөтүүнү чечкен.

Рустамдын өзү апасына Бишкек дайыма курулуп жатканын, ошондуктан кранды тартканын айткан. Ошондой эле анын сүрөтүндө 2-апрелде — бүткүл дүйнөлүк аутизм жөнүндөгү маалыматтарды таратуу күнүндө — тилектештик белгиси катары көк түстөгү шарлар асманга учурулган Тарых музейи көрсөтүлгөн [түшүндүрмө.: көк түс — аутизмдин эл аралык символу].

Өмүрбек Исмаилов, 16 жашта

Өмүрбек башка балдар сыяктуу эле өзү барган жерлерди тартат. Ал сүрөт тартканды жакшы көрөт, бирок андан сырткары тамак да жасайт, ал эмес түрдүү кулинардык курстарга да барат. «Рука в руке» бирикмесинен башка балдардыкына караганда Өмүрбектин диагнозу оорураак экенин, ошондуктан анын сүрөттөрү дээрлик окшош болгонун түшүндүрүштү.

«Аутист балдар үчүн бир нерсени кайра-кайра кайталоо өзгөчөлүгү адат болуп калат», — деди Наргиза Конушалиева.

Сүрөттөрүнүн окшош экендигине карабастан Өмүрбек өзүнүн сүйүктүү көчөсүн, жазды жана Бишкектин алтынчы кичи районун кагаз бетине түшүрдү. Ал сүрөттөрдө ачык түстөрдүн басымдуу экенин байкоого болот.

Аутисттердин ата-энелери менен адистер мындай балдардын эмгектеринде күңүрт түстөр жок болорун айтышты.

«Аларда баары жарык, ачык, анткени алар абдан боорукер болушат. Аларда ачуулануу жок», — деди Kloop.kgнин кабарчысына балдардын апаларынын бири.

«Чоң кадамдарды жасап жатышат»

Аутизм деп акыл-эстин өсүүсү жайлап, адамдын башкалар менен сүйлөшүүсүнө, мамиле куруусуна тоскоолдук кылган баш мээнин өсүүсүндөгү бузулуулар аталат.

Аутизм менен жабыркаган балдар байланышуу жана социалдашуу жөндөмдүүлүктөрүнөн ажырашкан. Адистер ал бузулуулардын белгилерине аракеттердин көп жолу кайталанышын же жадатма жүрүш-туруштарды киргизишет.

Оорунун генетикасы татаал болгондуктан неврологиялык бузулуулардын пайда болушу менен өнүгүүсү дагы деле аягына чейин белгисиз. Буга байланыштуу ал оору менен ооруган балдарды дарылоо ата-энелердин өзүлөрүнө жүктөлөт, алар балдарын коомго байырлаштырууга жана социалдаштырууга аракет кылышат.

Кыргызстанда аутист балдардын ата-энелери жардам сурап адистештирилген борборлор менен фонддорго кайрылышат, анда аларга психологдор менен адистер кеңештерди беришет.

«Аутист балдарды кадимки мектептерге кабыл алышпайт. Окутуучулар аны менен кантип иштөөнү билиши зарыл. Биздин фонддун алдында болгону 3 гана класс бар, андан ары абалдан чыгуу жолдорун ата-энелер өзүлөрү издешет», — деди Конушалиева Kloop.kgге курган маегинде.