ИИМ Ашыралы Зурдинов үч жылдан бери Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) ректору жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Фармакологиялык комитеттин төрагасы кызматтарын мыйзамсыз ээлеп турганын билдирүүдө.

ИИМ Ашыралы Зурдиновдун КММА ректору кызматын ээлеп туруусунун мыйзамдуулугун текшерип жатат, деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

«КММАнын ректору узак убакыт бою айлык төлөнгөн эки кызматты ээлеп келет. Азыркы убакта бардык топтолгон материалдар изилдеп, юридикалык баа берилиши үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Кандай болгондо да прокуратура аныкталган фактыга реакция жасашы керек», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Ашыралы Зурдинов 1946-жылы 28-декабрда туулган. Учурда ал 70 жашта. Ректорлукту ал 2009-жылдан тарта, 63 жашынан бери ээлеп келет.

Мыйзамга ылайык, окуу жайлардагы жетектөөчү кызматтарды 65 жаштан ашкандар ээлебеши керек.

2013-жылдын октябрында, Зурдинов 66 кезинде, Башкы прокуратура КММАнын ректору кызматын мыйзамсыз ээлеп турганын, анткени ал 2011-жылдын декабрында эле 65 жашка толгондугу боюнча саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын атына сунуштама жазган.

Тема боюнча: Медакадемиянын ректору журналисттер менен болгон чыр жана окуу жайдагы «коррупция» тууралуу

«Жооп катары КММАнын окумуштуулар кеңеши Зурдиновдун ыйгарым укуктарын 70 жашына чейин узартуу тууралуу премьер Сатыбалдиевге өтүнүч катын жолдоодо», — деп жазган FOR.kg маалымат агенттиги.

Анда интернет-басылма премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылдын 25-декабрындагы буйругу менен Зурдиновдун КММАнын ректорлугундагы мөөнөтүн узарткандыгын жазган.

ИИМдин басма сөз кызматынан бул пенсия курагындагы адамдар бир канча мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеген алгачкы учур эмес экенин белгилешти.

«Алар кайсыл бир илимий даражалары менен кармалып турушат. Пенсия курагында экендиктерине карабастан алар көп. Алар эчак эле жетимиштен ашышкан, бирок жетекчилик кызматтарда отурушат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

ИИМдин маалыматы боюнча, Зурдинов ээлеп турган эки кызмат тең Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагында.

«Зурдиновду [фармакологиялык комитеттин төрагасы кызматы] кызматка дайындагандар анын КММАнын ректору экенин билбей коюшкан эмес. Прокуратура кылмыш ишин козгосо да, козбосо да ал баары бир эки кызматта калбайт», — деп белгилешти мекемеден.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Зурдиновдун фармакологиялык комитеттин төрагасы кызматын ээлеп турушу боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Зурдиновдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Автор: Сезим Каныбекова