Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенти Талгат Субаналиев Кыргызстандын желегин Антарктидага алып барда. Буга чейин ал баш байгеси аталган континентке жолдомо болгон эл аралык сүрөт сынагында жеңишке жеткен.

Учурда кыргыз студентинин Антарктидада жүргөндүгү тууралуу Борбордук Азиядагы Америка университетинен билдиришти. Субаналиев муздак континентке Кыргызстандын желегин алып барып, аны менен сүрөткө түшкөн.

12715556_942429169168405_7043108545821113478_n

Кыргызстандык мекенине 28-февралда кайтып келиши керек. Андан кийин ал тарабынан Антарктидада тартылган сүрөттөр атайын уюштурула турган көргөзмөдө көрсөтүлөт.

Фотосүрөтчүлөрдүн эл аралык командасы менен Антарктидага баруу Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенти жеңишке жеткен Photography trip to Antarctica: exploring the beauty of Antarctica’s landscape сүрөт сынагынын баш байгеси болгон. Араб Эмираттарынын фотосүрөтчүсү Херш Чадха Субаналиевге аталаган континентке саякаттоо үчүн стипендиялык программа берген.