Москва метросунда талма оорусу кармап, рельстерге кулап кет аялды куткарган кыргызстандык Марат Исаев KLoop.kgге курган маегинде поезд алдында жатканда эмне жөнүндө ойлогонун жана эмне себептен өзүн баатыр деп эсептебестиги тууралуу айтып берди.

11-февралда Москвадагы метронун «Красносельская» станциясында бир аялдын талма оорусу кармап, ал рельстерге кулап кеткен. Ага жардам берүүгө кыргызстадык Марат Исаев барып, полиция кызматкери Артём Королюк менен бирге аялдын өмүрүн сактап калышкан.

Исаевдин эрдиги тууралуу жаңылык дароо эле сенсацияга айланган. Ал тууралуу орусиялык жана кыргызстандык басылмалар жазышкан. Орусия телеканалдары сюжеттеринде кыргызстандык тууралуу айтышкан эмес, бирок соцтүйүндөрдүн ага нааразы болгон колдонуучулары Орусиянын Биринчи каналын метродогу окуя тууралуу сюжетине Исаевди кошууга аргасыз кылышкан. 

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Исаевди белек сааты жана акчалай жардам менен сыйлоо чечимин кабыл алган, а «Kyrgyz Concept» компаниясы Исаевдин Москвадан Бишкекке учуп келүү акысын төлөп берүүгө даяр экенин билдирди.

Kloop.kgнин кабарчысы өлкө башчысы менен жолугуу үчүн Марат Исаевдин Бишкекке учуп келээр-келбесин билүү үчүн аны менен байланышты.

«Качан президенттин мени сыйлагысы келип жатканын укканда мен абдан кубандым жана ага ыраазы болдум. Мен аны кабыл алам», — деди Исаев.

Исаевди Орусия менен Кыргызстанда баатыр деп эсептеп жатышканы менен ал өзүн баатырлардын катарына кошпойт.

«Мен өзүмдү баатыр деп эсептебейм — мени элим атактуу кылды, мен аларга абдан ыраазымын, бардыгына рахмат айтам. Ал учурда [метродогу окуя маалында] мен адам өмүрүн сактап калуу тууралуу гана ойлодум, оюма башка эч нерсе келген жок. Өзүм, балдарым жөнүндө ойлогон жокмун, эгер мен алар тууралуу ойлогондо балким токтоп, секирбей коймоктурмун. Булардын баары тууралуу поезддин алдында жатканда ойлодум», — деди ал.

Исаев кандай учурда болбосун адамга жардам берүүгө аракет кылмактыгын белгиледи.

«Мен бардыгы үчүн жооп бергим келбейт, бирок эгер мен болбогондо башкалар деле жардам беришмек, акыры дүйнөдө жакшы адамдар бар да. Аны менин ата-энемен сурагыла, мени алар ушундай кылып тарбиялашкан, менимче мында тарбия негизги ролду ойносо керек», — деди ал.

Соцтүйүндөрдүн колдонуучулары алгачкы сюжетинде Исаевди көрсөтпөгөн Биринчи каналдын маалыматтык саясатын талкуулоону улантып жатышат. Кыргызстандыктын өзү ага көңүл деле бурбай эле.

«Качан [кабарчылар] репортаж тартууга барышканда анда мен жок болчумун, полиция кызматкери гана болгон, ошондуктан алар мага телефон чалып, кечирим сурап, репортажды кайра тартууну каалап жаткандыктарын айтышты. Мен алгач сюжетке кирбей калганымда эч кандай деле терс ойлор болгон жок — мен аны нормалдуу эле кабыл алып, ал үчүн түйшүк тарткан деле жокмун. Мен кылышым керек болгон нерсени кылдым — адам өмүрүн сактап калдым», — деп белгиледи ал.

Исаев курьер болуш иштеген «Дизайн Депо» компаниясы эрдиги үчүн кыргызстандыкты сыйлоону чечишкен. Исаевдин айтымында, жумуштагы кесиптештери анын кылганы менен сыймыктанып жатышат.

«Жумуштан сыйлашты, мен ага абдан кубанычтамын. Кесиптештерим сыймыктанып жатышат, менин колумду кысып, ал эмес өөп, кучактап жатышат, анткени мен иштеген жерде — мен жалгыз кыргызмын, калгандарынын баары орустар. Көптөгөн орустар жеке кат (социалдык түйүндөгү жеке кат) жөнөтүп, ыраазычылыктарын билдирип жатышат. Алар мага жакшы мамиле кылып жатышат. Менин кылганым тууралуу орустар унчукпай жатат деп айтууга болбойт», — деди Исаев.

Автор: Айдана Апазбекова