Эркинен ажыратылгандардын абактарда сакал коюусуна тыюу салынды. Укук коргоочулар аны укуктарды кемсинтүү деп эсептешүүдө. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) камактагылар сакалын алууга мажбурланбай эле экенин билдиришти.

17-февралда ЖАМК түзөтүү жайлары менен тергөө абактарында сакал коюп жүрүүгө тыюу салынганын билдирди. Кызматтын өкүлүнүн айтымында, чачтарды «гигиеналык түшүнүктөрдөн улам белгиленген узундукка чейин» кыскартып жатышат.

«Борбордук Азиядагы адам укуктары» ассоциациясынын президенти Надежда Атаева сакал коюп жүрүүгө тыюу салууну динге ишенген адамдардын укуктарын кемсинтүү деп эсептейт. Ал тыюу салуу расмий болуп эсептелбестигин айтты.

«… [Сакал коюп жүрүүгө тыюу салуу] адамдын эркине каршы жасалып жаткандыктан адамдын абийирин кемсинткен мажбурлоо нормасы болуп эсептелет. Сакал коюп жүрүүгө тыюу салынышы мүмкүн эмес. Камакта адам гигиеналык нормаларды аткарбай жаткан болсо бир жөн, бирок эгер ал диний ырым-жырымдын бир бөлүгү болуп эсептелсе, анда бул учурда белгилүү бир тартип бар. Азыркы учурда биз адамдын дин тутуу эркиндигинин бузулушун карап жатабыз. Адамдын фундаменталдык гана эмес, а диний укуктары да бузулуп жатат», — деди ал.

ЖАМКнын басма сөз катчысы Александр Никсдорф Kloop.kgге курган маегинде мекеме камактагыларды сакалдарын алууга мажбурлабай эле экенин билдирди. Анын айтымында, эркинен ажыратылгандарга зарыл болгон шаймандар берилет жана алар сакалдарын «өзүлөрү кыскартышат».

«Эркиндикте алар каалагандай жүрө алышат, а бул болсо абак. Мыйзам бузуу менен алар эмнегедир өзүлөрү каршы кылмыш жасаган адамдардын укуктары тууралуу ойлонушкан эмес. Ошондуктан мында укуктар тууралуу, адамдын каалагандай жүрө ала тургандыгы жөнүндө айтуу ылайык эмес.  Мисалы, качан жоокерди армияга алып кетип, чачын алганда эч ким укуктардын бузулгандыгы тууралуу айтпайт», — деди ал.

Никсдорф түзөтүү жайларында өкмөт тарабынан бекитилген жана сакталышы керек болгон бирдиктүү эрежелер бар экенин кошумчалады.

«Анын пункттарынын биринде камалгандар чачтарын, сакалдарын жана муруттарын кыска алып жүрүүлөрү керек деп жазылган. Ошондуктар мында адам укуктарынын, болгондо да динге ишенгендердин укуктарынын бузулуп жаткандыгы тууралуу эч кандай маселе болушу мүмкүн эмес», — деди ал.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) даават бөлүмүнүн кызматкери Данияр Мурадилов сакалдарды кыскартуу динге ишенген адамдардын укуктарын бузат деп эсептебейт.

«Эгер дин жагынан алсак — сакал коюп жүрүү милдеттүү эмес. Сакал өстүрүү — сүннөт, а өстүрбөсө күнөө эмес. Ал абак — кылмышкер кылганы үчүн жаза мөөнөтүн өткөрүп жаткан жер. Абакта эркиндик чектелет жана ал нормалдуу көрүнүш. Мен аларга барып өзүм лекция окугам, алар бул боюнча суроо беришкен, анда сакалды толугу менен алууга мажбурлашпайт, болгону узундугун 2-3 сантиметр кылып көзөмөлдөшөт», — деп белгиледи Мурадилов.

КМДБнын иш башкармалыгынын жетекчиси Алимбай Эргешов кесиптеши менен макул болгон жок. Ал сакалдарды кыскартуу динге ишенгендердин укуктарын кемсинтүү экенин билдирди.

«Сакал коюп жүрүүгө тыюу салуу — бул туура эмес. Албетте ал динге ишенгендердин укуктарын кемсинтет. Мисалы, адам сакалын же мурутун өстүрүүнү каалады дейли, эч жерде сакал-мурутсуз жүр деп жазылган эмес да. Ал абактагылардын гана эмес, а ар бир жарандын укугу» — деди ал.

Автор: Айдана Апазбекова