Бишкектеги супермаркеттердин кассачылары жумуш убагында кандай нерселерге туш болушат? Kloop.kgнин редакциясы аларды жумушунда баарынан да эмнелер кыжырданта тургандыгын билүү үчүн сатуучулар арасында сурамжылоо жүргүздү.

Сүрөттөр иллюстрацияланган. Цитаталар сүрөттө көрсөтүлгөн адамдарга таандык эмес.

Дүкөндөгү кассачы — күн сайын анын жанынан жүздөгөн, ал эмес миңдеген сатып алуучулар өтүп турган адам. Анын жумушу түздөн-түз акча менен иштөөгө байланыштуу жана алар үчүн ал жеке капчыгы менен жооп берет. Сурамжылоонун жүрүшүндө жумушчуларга акча санаганды гана эмес, а муздаткыч жууганды да билүү зарыл экенин билдик.

Кассачыны шаштырып, мазасын алып, чекти тезирээк берүүнү өтүнүшөт. Андан эмнеге азык-түлүктөрдүн колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенин сурашып, бардык нааразычылыктарын айтышат.

Дүкөндөрдүн сатуучулары Kloop.kgге өз жумушунун оордугу, униформалардын жакпастыгы жана жумуш маалында аларды эмнелер кыжырданта тургандыгы жөнүндө айтып беришти.

100 тысяч

— Адамдардын шаштырганы кыжырдантат. Аларга баары тез болушу керек. А качан компьютердеги система кайрадан жүктөлүп жатканда, штрих-коддорду колго жазууга туура келип калганда ага убакыт талап кылынат. Андай учурларда адамдардын жини келет.

пьяные

— Акча майдалап берүүбүздү өтүнүп, бирок биз майдалай албагандыгыбыз кыжырдантат. Кыргызстанда акчанын, майда акчанын өтө аз экендигине биз күнөөлүү эмеспиз.

— Ишембиликтер кыжырдантат. Ар жума сайын ишембилик. Текчелерди жыйнап, жууш керек. Эгер андай кылбасаң 250 сом кармап калышат.

нет денег

— Ишемби жана жекшемби күндөрү тазалагыч жумушчулардын иштебегендиги жана полду бизге жууга туура келгендиги кыжырдантат. Анан да кассачыларга балмуздактардын муздаткычтарын жуу ишин жүктөп койгондуктары жиндентет.

— Сатуучулар товарлардагы бааларды өз убагында алмаштырбай койгондуктары кыжырдантат. Анын айынан сатып алуучулардын дооматтарын сен угасың.

сдача

— Кичинекей балдар келип, бүт бардыгын кармап көрүүнү каалагандыктары кыжырдантат.

— Бир нерсени орой жана көтөрүңкү үн менен сурагандыктары кыжырдантат. Анан да «рахмат» деп да, «жакшы калгыла» деп да айтпай кетип калгандар жакпайт.

— Колбаса менен сүттү баштыкка салбагандыктары кыжырдантат. Андан улам касса бүт булганат.

— Дүкөндөр мидеттерди дайындап койгондуктарына карабастан баары бир бүт бардыгын аткарууга туура келгендиги кыжырдантат.

999 сомов

— Форма менен галстук жакпайт. Пилотка дайыма баштан түшө берет, а аны кийбей койгон үчүн айып пул төлөөгө туура келет.

— Жылмайып, ар бир жолу «бизге дагы келип тургула» деп айтууга мажбурлагандыктары кыжырдантат.

Сүрөт: Айдана Апазбекова