Казакстандын Жамбыл облусунун Бурыл айылындагы беш жашар баланын өлүмү жергиликтүү тургундардын арасында токундоолорду жаратты. Айылдыктар аны өлтүрүүгө шектүү адамдын элге өткөрүлүп берилишин талап кылып жатышат. Айылга куралдуу полиция киргизилди.

Казакстан ИИМинин маалыматы боюнча, кылмыш 15-февраль күнү кечинде Казакстандын түштүгүндөгү Бурыл айылында болгон. Анда белгисиз адамдын уурулук кылуу максатында үйгө кирип, андагы беш жаштагы баланы бычак менен 11 жолу сайгандыгы кабарланууда.

Полиция өз күнөөсүн мойнуна алган болжолдуу кылмышкерди кармаган. Шектүү жергиликтүү таяныч пунктуна камалган, бирок нааразы болгон айылдыктар анын элге өткөрүлүп берилишин талап кылып жатышат.

Кармалган адам Тараз шаарына жеткирилген, бирок айыл тургундары үйлөрүнө тарабастан аянтта митингин улантышты. Бийлик Бурыл айылынын чыга беришин тосуп, ал жакка куралдуу полиция кызматкерлери келишти.

Тараздагы жергиликтүү журналист Лариса Полихрониди Kloop.kgге жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынын болжолдуу кылмышкердин улутуна байланышы бар-жоктугу белгисиз экенин айтты.

«Бурыл — казак-түрк айылы. Бүгүн анын жашоочулары чогулушуп, аянтка барышты. Башкаруучу «Нур Отан» партиясынан бардык райондук акимдер барышты. Аксакалдар баарын жөнгө салышты. Расмий булактарга ишенсек, саат төрттө эле баары тарап кетишкен. Ал жаңжалга шектүүнүн улуту себеп болгон жок деген үмүттөмүн. Казакстанда бул сыяктуу жаңжалдар өтө ырайымсыздык менен жөнгө салынат», — деди ал.

«Новости-Казахстан» агенттигинин маалыматы боюнча, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү калк менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Ыкчам топ түзүлгөн.

«Азыркы учурда абал туруктуу. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө чыр-чатак издеп кереги жок. Кылмыш кылган адам мыйзам боюнча жазаланат», — деп жазган басылма Жамбыл облусунун акиминин орун басарынын айткандарын.

Казак полициясынын маалыматы боюнча, азыр баланын өлүмү боюнча тергөө жүрүп жатат.

«Кылмыш каза болгон баланын үй-бүлөсүнүн мүлкүн уурдоо менен байланыштуу болгондугу аныкталды, тактап айтканда, турмуш-тиричилик мүнөзүнө ээ. Иш боюнча бир катар соттук экспертизалар дайындалды, башка тийиштүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп жазды Tengrinews порталы полицияга шилтеме жасап.