Шайырбек Байбабаев музейлер менен жеке буйрутма берүүчүлөр үчүн түрдүү жаныбарлардын сөлөкөттөрдү жасайт. Экспонаттардын бирөөсүнүн баасы 6 миңден 10 миң сомго чейин болушу мүмкүн, аны даярдоого дээрлик бир ай убакыт кетет.

Байбабаев сөлөкөттөрдү жасоо менен үч жылдан бери алектенип келет. Анын адистиги таксидермист деп аталат. Ал бул кесипти кичинекей кезинен эле түрдүү сөлөкөттөрдү жасаганды жакшы көргөндүктөн улам тандап алган.

«Кичинекей кезимде кыргоол менен кекиликтен өз алдынча сөлөкөт жасоого аракет кылгам, бирок меники начар, кыйшык болуп калган. Химиялык заттар жок алар тез эле жарабай калышчу», — деди ал.

Байбабаев чоңойгондон кийин таксидермист адистигине үйрөнүү үчүн Бишкектеги зоологиялык музейге келген. Анын алгачкы эмгеги эки жыл мурда жасаган тоо эчкинин сөлөкөтү болгон. Байбабаевдин айтымында, ал анын эң оор иши болгон.

«Окутуучу формасынын кандай жасаларын көрсөткөн, калганын өзүм кылгам. Андан кийинкилер жеңилирээк болуп калды, анткени ал сыяктууларды тез жасап баштагам», — деди таксидермист.

Анын экспонаттарды жакшы жасаганды үйрөнүшүнө эки жыл талап кылынган. Азыр анын эмгектери Кыргызстандык көптөгөн музейлерине коюлган.

Байбабаев сөлөкөттөрүн даярдоо үчүн аларга жаныбарларды белекке беришерин же мергенчилик бирикмесинен уруксат алып, өзүлөрү атып келе тургандыктарын айтты.

«Музейде кайсыл жаныбар жетишпесе биз ошону атып келип, сөлөкөттөрүн жасап, экспонат катары коёбуз. Кээде музейге белек кылып беришет».

Ал жумушунда бычак, кайчы жана түрдүү химикаттарды пайдаланат.

Тема боюнча: Видео: Өлкөдөгү жалгыз зоология музейинде эмнелерди көрүүгө болот?

Алгач терини эт менен майдан тазалап чыгып, андан кийин аны туздап, болжол менен бир жумага коюп коюу керек — ал канчалык көп турса ошончолук жакшы болот. Андан кийин аны химиялык заттар менен иштеп чыгышат.

Ошол маалда монтаж көбүгүнөн сөлөкөт үчүн негиз даярдалат, кийин анын сыртына тери тигилет. Көздөрү оргайнектен жасалат.

Негизи көбүктөн жасалгандыктан даяр экспонат 15-20 килограммды түзөт. Мурда негиздерин чоподон жасап келишкен жана даяр болгон сөлөкөттүн салмагы 40-45 килограммга чейин жетчү.

Байбабаевдин айтымында, терисинин баасын эсептебегенде бир экспонат 6-10 миңдин айланасында болот.

«Мисалы, тоо эчки 10 миң сом турат. Карышкырды иштеп чыгуу — 6 миң, тиштери менен — 10 миң болуп калат», — деди ал.

Байбабаев айткандай, Кыргызстанда таксидермист адистиги популярдуу эмес. Өлкөдө болгону 3-4 гана адис бар.

Автор: Александра Ли