Туркияда аңтериден жасалган буюмдарды саткан кыргызстандык Айгүл Канапиеванын башкы кардарлары орусиялыктар болушкан. Бирок Орусия менен Түркиянын ортосундагы чырдан улам туристтердин агымы азайып, ал жумушсуз калган.

Айгүл Канапиева 2013-жылдан бери аңтерилерден жасалган буюмдарды сатуу менен алектенген Kircilar Mondial түрк компаниясында иштеп келген. Ал компаниянын кардарларынын басымдуу бөлүгүн туристтик Анталия шаарындагы орусиялыктар түзүшкөн.

Бирок Су-24 учагынын атылып түшүрүлүшүнөн улам Орусия менен Түркиянын мамилеси начарлагандан кийин орусиялык туристтердин Анталияга болгон агымы кескин азайып, Канапиева жумушсуз калган.

«Учакты атып түшүрүштү, силер өзүңөр билесиңер да, [орусиялыктарга] ал жакка барууга тыюу салышты, анан албетте биз бош калдык», — деди ал.

Канапиеванын айтымында, Түркияда ал үч миң АКШ долларына чейин иштеп таап турган.

«Жашоо кымбаттап, үй-бүлөнү багуу кыйындап калганда түркиялык компаниялардын биринде ийленген териден тигилген тон, баштыктарды, аң-терилерин, бут кийимдерди сатып иштөө чечимин кабыл алгам. […] Жашырбайм, жакшы төлөп беришчү, айына 2500-3000 доллардан», — деди ал.

Жумушсуз калгандан кийин ал Бишкекке кайтып келип, такси айдоочусу болуп иштеп баштаган. Анын жогорку билими бар, жакында каржы жана насыя адистиги боюнча диплом алган.

Канапиева мойнуна алгандай, алгачкы күндөрү так даректерди табууда кыйынчылыктар болгон.

«Үйдө отурганда эмне? Үй-бүлөнү багып, кийиндирип, ичиндириш керек. Көп ойлонбостон, Түркиядан келгенден эки күн өткөндөн кийин жумушка чыктым. Азыр бир аз көнүп калдым, жакшы, күн сайын мактоо сөздөрү айтылып, маанайды көтөрүүлөр болуп турат», — деди ал.

Бирок Канапиева жүргүнчүлөрдү ташуу — убактылуу жумуш экенин жана жакында аны башка жумушка алмаштырышы мүмкүндүгүн жашырган жок. Ага кыргыз-кытай компанияларынын бирине башкы эсепчи болуп иштөөнү сунушташкан.

«Мен ал сунуштун үстүнөн дагы деле ойлонуп атам, компания декабрда эле ачылган. Эгер мени айлыгы канааттандырып, иштеп кете алсам эмнеге болбосун? Бирок бош убактарда таксиде иштеп турушум мүмкүн», — деди Канапиева.

Текст: Гүлнара Хайрзаманова