Google компаниясынын тил котормолор сервиси өз базасына 13 жаңы тил кошту. Пушту жана күрт тилдери менен катар эми колдонуучуларга кыргыз тили да жеткиликтүү болуп калды. 

Google котормочу сервистин 10 жылдык мааракесине карата 18-февралга караган түнү базасын жаңылады. Ага жалпысынан 13 жаңы тил кошулду, алардын ичинде кыргыз тил да бар.

«Кыргыз тили «Иллиада» менен «Одиссей» экөөнү бириктиргенде да алардан 20 эсе көлөмдүү болгон «Манас» эпосу жазылган тил болуп саналат», — деп жазылган иштеп чыгуучулардын блогунда.

3

Кыргыз тилин Google котормочуга киргизүү тууралуу кептер 2011-жылы эле башталган. 2015-жылы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия ал идеяны каржылоого тендер жарыялаган.

Анда Википедиянын мыкты авторлорунун бири, «Кыргыз уикипедиячылар кыймылынын» негиздөөчүсү Чоробек Сааданбековдун «Биздин мурас» компаниясы жеңүүчү деп табылган.

2016-жылдын январында экинчи тендер өткөрүлүп, «Улут Soft» компаниясы жеңүүчү болгон. Сааданбеков комиссияга ишенбөөчүлүгүн билдирип, кыргыз тилин Google котормочуга киргизүүнү компания өз алдынча аяктай тургандыгын айткан.

Эми сервистин колдонуучуларына 103 тил жеткиликтүү. Google өкүлдөрүнүн айтымдарында, бул дүйнө калкынын 99%ын өз кучагына алат.

Жаңы кошулган тилдердин арасында амхар, корсикан, фризск, гавай, күрт (курманджи), люксембург, самоа, шотланд гэльск, шона, синдхи, пушту жана коса тилдери бар.