Окумуштуулар январда жалпы дүйнөлүк аба ырайы адаттагыдан 1,13 градуска жогору болгондугун аныкташты. 2016-жылдын алгачкы айы буга чейинки температуралык рекорддорду катары менен басып өткөн тогузунчу ай болуп калды.

Абада учуу жана космостук мейкиндикти изилдөө боюнча америкалык улуттук башкармалыктын (NASA) изилдөөсү 2016-жылдын январы байкоолор башталгандан берки эң жылуу ай болгонун, а абанын температурасы адатта ал ай үчүн мүнөздүү болгон орточо температурадан 1,13 градуска жогору болгондугун көрсөттү.

amaps

АКШнын Океан жана атмосфералык изилдөөлөр улуттук башкармалыгынын (NOAA) маалыматына ылайык, январдагы глобалдык температура ушул эле айдын XX кылымдагы орточо температурасынан 1,04 градуска жогорураак болгон. Ошондой эле 2016-жылдын январы мурдагы дүйнөлүк рекорддорду катары менен басып өткөн тогузунчу ай болуп калды.

Андан сырткары 2016-жылдын январы глобалдык температура катары менен бир градустан ашык жогорулаган төртүнчү ай болду, бул кыйла тынчты алган белги. БУУнун глобалдык климатка арналган 2015-жылдагы бүткүл дүйнөлүк конференциясында планетанын жалпы температурасынын эки градустан, а эгер мүмкүн болсо бир жарым градустан ашык жогорулашына жол бербөөгө аракет кылуу чечими кабыл алынган болчу.

NOAAнын температуралык картасына ылайык, 2016-жылдын январь айында чектен ашкан жогорку температуралар Канаданын, Орусиянын жанан Гренландиянын, ошондой эле Борбордук Азиянын түндүк кеңдиктерине туура келген.

201601

Кыргызстандагы климат

Кыргызгидрометборбордун маалыматы боюнча, 2015-жылдын июлунун башы акыркы 62 жылдан берки Бишкектеги эң ысык күндөр болгон. 2-июлда борбордо аба ырайынын температурасы 38,2 градуска чейин жогорулаган.

«Погода и климат» сайтындагы маалыматка ылайык, абанын жогорку температурасы боюнча буга чейинки рекорд 1953-жылдын 2-июлунда катталган — анда термометрдин көрсөткүчү 36,1 градуска чейин көтөрүлгөн.

Ошол эле сайттын статистикасы боюнча, 2016-жылдын февралынын биринчи жарымында абанын Бишкектеги орточо температурасы ортодон жогору — 1,1ден 11,9 градуска чейин болгон. 10-февралдан бүгүнкү күндөргө чейин орточо айлык нормадан четтөө негизинен төмөн кеткен — 1ден 9 градуска чейин.