Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы участкалык милиция кызматкери Шапак Таалайбеков көпүрөдөн секирип жанын кыюуга аракет кылган 14 жаштагы кызды сактап калды. Азырынча кыздын эмне себептен жанын кыюуга аракет кылгандыгы белгисиз.

Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Шапак Таалайбеков 15-февраль күнү эртең менен унаасы менен үйүнө келе жаткан маалда дарыянын үстүндөгү көпүрө тосмосунун жанында турган кызды байкаган.

«Мен аны азыр секирип кетет деп ойлоп, унааны токтотуп ал тарапты көздөй чуркап жөнөдүм. Мен дээрлик жетип калганда ал тосмодон ашып, секирди. Мен аны ийнинен кармап калдым, биз ал абалда бир нече мүнөт асылып турдук», — деди Таалайбеков Kloop.kgге курган маегинде.

Участкалык милиционердин айтымында, кыз анын колунан суурулуп чыгууга аракет кылган.

«Ал өзүн-өзү билбей, колуман суурулуп чыгууга аракет кылып кыйкырды», — деди милиция кызматкери.

Ошол маалда унаанын ичинде отурган Таалайбековдун апасы милиция чакырган. Ал ортодо участкалык милиционер кызды кайра көпүрө үстүнө алып чыгууга жетишкен.

Таалайбековдун окуя болгон жерге барган кесиптештери кызды РИИБге алып барышкан.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Kloop.kgге учурда милиция кыздын эмне себептен өз жанын кыюуга аракет кылгандыгын аныктап жатканын билдирди.

«Кыз менен сүйлөштүк, ал ошол маалда стресс абалында болуп, эмне кылып жатканын билбей калганын айтты», — деди ал.

Азырынча милиционерлер кыздын ата-энеси менен сүйлөшүшө элек.

Укук коргоо органдарына дайыма эле балээге туш болгондор менен өз жандарын сактап калууга мүмкүн боло бербейт. Өткөн жылдын ноябрында милиционер Тынчтыкбек Абдрахманов Токмок шаарындагы каналга түшүп кеткен аялды куткарууга аракет кылган.

Абрдахманов аны куткаруу үчүн сууга секирген, бирок алар жээкке сүзүп чыга алышпай, суу агызып кеткен. Кийин экөөнүн тең денеси каналдын аягынан табылган.

Автор: Александра Ли