Балыкчыда башынан жараат алган 19 жаштагы милдеттүү кызмат өтөөгө чакырылган аскер кызматкери каза болду. Кабыргасына ок тийген дагы бирөөсү учурда ооруканада.

19-февралда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканада милдеттүү кызмат өтөөгө чакырылган жоокер каза болду. Ага башынан алган жарааты себеп болгон.

18-февралда аны менен бирге ооруканага кабыргасына ок тийген дагы бир аскер кызматкери жеткирилген. Учурда анын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун билдирүүсү боюнча, каза болгон жоокер түндө аппарат менен дем алдырууда болгон, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылгандыктары менен ал 19-февраль күнү эртең менен каза болуп калган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жоокерлер машыгуунун жүрүшүндө бутага ок атуу маалында жараат алышкан. Анын себеби катары аскер кызматкерлеринин куралды кылдат колдонбогондугу кабарланууда.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилиги тарабынан кызматтык териштирүү иштери башталды, Балыкчы гарнизонунун аскердик прокуратурасы тергөө иш-чараларын өткөрүп жатат.

Кыргызстанда курал-жаракты кылдат пайдаланбагандыктан улам аскер кызматкерлери жаракат алган учурлар аз эмес.

2016-жылдын февралында Баткен облусундагы чек ара заставасында нөөмөттө турган жоокер кокустан жанындагысын атып алган. Анда жараат алган аскер кызматкерине медициналык жардам көрсөтүүгө жетишип калышкан.

2015-жылы Жалал-Абадда милдеттүү түрдө аскердик кызматын өтөп жаткан жоокер куралды кылдат пайдаланбагандыктан улам өзүн атып алган.

2014-жылдын ноябрында Бишкекте Аба коргонуу күчтөрүнүн аскердик бөлүгүнүн лейтенанты этиятсыздыктан улам башка бир аскер кызматкерине ок чыгарып алган, жыйынтыгында ал ооруканага бара жаткан жолдо каза болгон.