Instagram социалдык түйүнүндө Кыргызстандын президентинин расмий баракчасы 17-февралда пайда болду. Өлкө башчысынын аппаратынын басма сөз кызматы анын аныктыгын текшерүүгө бүгүн билдирме жөнөткөнү жатат.

Социалдык түйүндөрдөгү верификация кызматы (аккаунттун аныктыгын текшерүү) окшошторун жок кылып, аккаунттун расмийлигин ырастоого жардам берет. Бүгүнкү күнгө карата Instagramда Алмазбек Атамбаевдин башка колдонуучулар тарабынан түзүлгөн 7-8 расмий эмес баракчасы бар.

Президенттин аппаратынан Kloop.kgге өлкө башчысынын баракчасын верификациялоого «бүгүн» билдирме бергени жаткандыктарын айтышты.

«Акыркы төрт жылдан бери биз башка социалдык түйүндөрдө баракчаларды жүргүзүп келебиз. Бизге эмнеге президенттин Instagramда баракчасы жоктугу боюнча көп кайрылышчу. Анан жалган аккаунттар пайда боло баштады», — деп түшүндүрүштү президенттин аппаратынын басма сөз кызматынан.

Президенттин баракчасы almazbek_atambaev_official деген аталышка ээ болуп, эки күндүн ичинде ага 3,5 миңден ашык колдонуучу жазылган.

Азыр Атамбаевдин аккаунтунда көбүнчө жеке фотосүрөтчүсү Султан Досалиев тарабынан тартылган 20 сүрөт бар. Алардын 13ү президенттин 2011-жылдын 1-декабрындагы ант берүү аземинде тартылган.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын көбү президенттин популярдуу түйүндө пайда болушун жакшы кабыл алышты.

«Сонун!!! Эми президентибиз жаштарга жакыныраак болуп калды )))», — деп жазды dr_akyl аттуу колдонуучу.

@samatkamchybek деген колдонуучу «элдин кандай жашап жатканын билүү үчүн» президент Кыргызстандын жарандарынын баракчаларына жазылышы керек деп эсептейт.