Кремний өрөөнүн багындырып жаткан кыргыз ишкерлери тууралуу «Кыргыз стартабы» реалити-шоусунун жаңы эпизоду чыкты. Бул чыгарылышында катышуучулар АКШга барууга даярданышат.

Kloop.kgнин негиздөөчүлөрү Ринат Тухватшин менен Бектур Искендер кантип АКШнын Кремний өрөөнүндө масштабдуу стартап курууну пландап жаткандыктары тууралуу айтылган «Кыргыз стартабы» аталышындагы реалити-шоу башташты.

Реалити-шоунун көңүл борборунда дүйнөдө башка аналогу жок болгон түз эфирлерди уюштуруу сервиси — Viximity долбоору үчүн инвесторлорду издөө.

«Акча жок» деген аталыш менен 19-февралда чыккан алгачкы эпизодунда реалити-шоунун катышуучулары өз артыкчылыктары менен күчтүү жактарын талкуулашып, ошондой эле Калифорнияда жашоого канча акча керек экендигин эсептешет.

Стартапчылар долбоор батыш инвесторлорун кызыктырып, алардан 600 миң долларлык инвестиция тартууга мүмкүн болот деп эсептеп жатышат.

«Албетте бул биздин колубуздан келет. Бека [Искендер] азыр TED конференциясына катышып Ванкуверде, Канадада жүрөт, а ал жакта [Калифорнияда] 1-мартта же февралдын аягында болот. Мен 2-мартта учуп кетүүнү пландап жаткам, бирок реалити-шоуго жарнама берүүчүлөрдөн акча топтоону улантуу үчүн бир аз кармалып калам го», — деди Ринат Тухватшин Kloop.kgге.

Азырынча аларда 1100 доллар бар — ал сумма жетишсиз. Алардын эсеби боюнча, идеалдуу бюджет айына 9533 долларды түзөт — бул батирге, транспортко жана саламаттыкты камсыздандыруу чыгымдары. «Өлүп калбаш үчүн» азыраак — 3682 доллар керек.

Буга чейин шоунун нөлүнчү эпизоду чыккан, анда Бектур Искендер менен Ринат Тухватшин долбоор тууралуу кеңири айтып беришкен.

Бир жумадан кийин чыга турган кийинки эпизодунда реалити-шоунун катышуучулары Кремний өрөөнүнө барууну каржылоо үчүн жарнама берүүчүлөрдү издешет.

«Кыргыз стартабынын» жаңы чыгарылыштары менен Kloop.kg сайтынан жана реалити-шоунун «Фэйсбуктагы» баракчасынан таанышып туруңуздар.

Автор: Айдана Апазбекова