Бектур Искендер — Канаданын Ванкувер шаарында өткөн эл аралык TED конференциясында чыгып сүйлөгөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алгачкы өкүлү болду. Ал төрт мүнөттүк сөзүндө мектеп окуучулары тарабынан жаңылыктар жарыяланган сайттын кантип Кыргызстандагы эң көп адам кирген онлайн-ЖМКлардын бири болуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

Жыл сайын Канаданын Ванкувер шаарындагы TED конференциясында замандын эң таасирдүү адамдары сөз сүйлөшөт — окумуштуулар, саясатчылар, актёрлор жана ийгиликтүү ишкерлер. 2016-жылы Kloop.kgнин түзүүчүлөрүнүн бири Бектур Искендер дагы атактуу сахнага чыгып сөз сүйлөп, репортерлордун жаш мууну Кыргызстанда кантип журналистиканы өзгөртүп жаткандыктары жөнүндө айтып берди.

Сөз сүйлөөнүн алдындагы толкундануулар

Искендердин айтымында, ал сахнага чыгып сүйлөөгө жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн бир нече ондогон ийгиликтүү жаңычыл адамдарды тандай турган TED Fellows программасынын катышуучуларынын бири болорун уккандан баштап, 2015-жылдын ноябрынан бери даярданып баштаган. Анда сөз сүйлөөгө болгону төрт гана мүнөттүн бериле тургандыгына карабастан ага көптөгөн сааттар бою даярданууга туура келген.

Skrinshot-16.02.2016-145711

«Скайп» аркылуу TEDдин уюштуруучулары менен бир нече жолу даярдыктан өткөнүнө карабастан Искендер анын Ванкувердин өзүндөгү алгачкы даярдыгы анчалык жакшы болбогондугун мойнуна алды.

«Биринчи репетицияда уят болдум, анткени мен канада визасын алуу үчүн Москвага учуп барып келүүгө туура келгендиктен улам кыжырданып жаткам. Кыскасы, мен өтө начар даярдыкта болчумун»,— деди Бектур Kloop.kgге курган маегинде.

12710750_10156592665055038_5380973535266030509_o
Сөз сүйлөөгө эки саат калган кезде

Кийинки күндөрү TED Fellows программасынын тарбиялануучулары менен бүтүрүүчүлөрүнүн жардамы менен ал толкунданууларын жеңип, сүйлөй турган сөздөрүнүн үстүнөн иштеп чыга алган.

Сахнадагы төрт мүнөт

Бектур Искендердин TED конференциясындагы сөз сүйлөөсү 4 мүнөткө созулду. Ал убакыт аралыгында ал Ринат Тухватшин менен бирге негиздеген жаңылыктар сайты менен журналистика мектебинин ийгиликтери тууралуу айтып берүүгө жетишти.

«Өз сөзүмдө мен жаш журналисттердин түрдүү нерселерди иликтеп жаткандыктарына, мисалы, өкмөттөгү коррупцияны же 2010-жылдагы революция маалында кандай иштегендиктери сыяктуу учурларга басым жасадым. Ошондой эле практика абдан көп болгон окутуу системабыз тууралуу айтып бердим. Андан сырткары дагы көп нерселерди айткым келген, бирок убакыт жетпей калды», — деди ал.

Skrinshot-16.02.2016-145643

Kloopтун негиздөөчүсү өзүнүн сахнага чыкканын өтө деле жакшы эске тутуп кала алган эмес — айтымында, баары «тунарыңкыдай сезилген», анан да ал сөз сүйлөөгө экинчи болуп чыккан.

«Сахнадагы абалым мага түштөй сезилди, мен анын чынында эле болуп жатканына ишене алган эмесмин», — деди Бектур.

Бектур Искендер менен актёр Харрисон Форд
Бектур Искендер менен актёр Харрисон Форд

Атактуулар менен таанышуу

Бектур билдиргендей, TED Fellow программасынын катышуучулары конференциянын бардык иш-чараларында болуп, ошондой эле концерттерде алдынкы орундарга отуруп, сахна артына да өтө алышат. Ал сөз сүйлөп бүткөндөн кийинки бир нече күндө өзүнүн айрым кумирлери менен тааныша алгандыгын айтты.

Бектур үчүн «Разрушители мифов» берүүсүнүн алып баруучусу Адам Сэвидж менен таанышуу чоң ийгилик болду.

«Мен Адам менен үч жолу көрүштүм, бир жолу ал сөз сүйлөп бүткөндөн кийин жөн гана сүйлөштүк. Качан чоң сахнада негизги спикер сөз сүйлөп бүткөндөн кийин аны менен жолугушуп, сүйлөшүүгө мүмкүн. Адам Сэвидж менин күйөрманым болгондуктан анын жанына бардым», — деди Бектур.

Kloopтун негиздөөчүсүнө чоң таасир калтырган дагы бир жолугушуу — бул астронавт Крис Хэдфилд менен болгон жолугушуусу. Ал 2013-жылы Эл аралык космос станциясында жүргөн кезинде Жердин космостун өзүнөн тартылган сүрөттөрүн жарыялаган алгачкы космонавт болгон.

701968_10156601139235038_7807417302436108238_o1
Астронавт Крис Хэдфилд менен

«Мен Крис Хэдфилдге «Клооп» жөнүндө айтып бердим. Мен аны бир канча күн издедим, биз дайыма эки башка жакта болуп калып жаттык. Акыры мен аны далистен жолуктуруп, жанына барып, бир нече мүнөт сүйлөштүк, абдан жакшы болду. Хэдфилд — менин кумирим, ал адамдарды кыялданууга шыктандырган сонун киши»,— деп билдирди Искендер.

Айтымында, анын сөз сүйлөөсү TED конференциясына катышкан көптөгөн адамдарга таасир калтырды. Аны мактагандардын арасында — дүйнөдөгү эң ири онлайн-дүкөндүн, Amazon.comдун негиздөөчүсү Майк Безос да болгон. Ал эмес Бектур ага Жогорку Нарын ГЭСтериндеги объектилерди курууда ким канча акча иштеп тапкандыгы тууралуу күн мурун Kloopтун журналисттери тарабынан жарыяланган иликтөөнү көрсөтүүгө жетишкен.