Үч жашар баланын апасы Бишкектеги №52 бала бакчага даттанып милицияга кайрылды — айтымында, тарбиячылар анын баласын «кулагынан чоюшкан». Учурда ал зомбулук фактысын далилдеп же четке кага турган экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатат.

10-февралда Бишкектин тургуну Жамиля Нуркулова уулунун кулак тарабындагы көгөргөн жерлерин көргөн соң милицияга кайрылган.

12736086_1045832282126508_459122456_n

«Балам бала бакчасына октябрда барып баштаган. Канча бир убакыттан кийин анын кулактарындагы көгөргөн жерлерин байкай баштадым. Ал келип: «Апа, мени эже уруп, кулагымды чоюп атат» деп ыйлады», — деди Нуркулова Kloop.kgге курган маегинде.

Анын айтымында, бала бакчанын директору бардыгын танып, тарбиячылар менен бала багуучулар үч жашар баланы «тил албайт» деп айыптап жатышат.

«Директор башынан эле уулум акыл-эс жагынан артта калганын жана атайын интернатка жиберүү керектигин айткан. Кеп анын тилинде көйгөй бардыгында, бирок мен дарыгерлерге көрсөткөндө алар баары жайында экенин айтышып, логопед менен иштешүү кеңешин беришкен», — деди баланын апасы.

Учурда ал экспертизанын корутундуларын күтүп жатат, анын жыйынтыктары боюнча милиция тергөө иштерин улантат.

12735875_1045832422126494_2655194_n

«Бала бакчанын директору менен башынан эле мамилебиз келишкен эмес. Ага баламдын бакчага бекер барып жаткандыгы жаккан эмес (Жамиля — уулун жалгыз тарбиялайт, ошондуктан акимиат анын баласына бала бакчадан орун бөлүп берген), а башка ата-энелер болсо балдарын киргизүү үчүн 10 миң сомдон төлөшөт. Мага алар мындай жол менен бизди кетүүгө мажбур кылууга аракеттенип жаткандай туюлууда» , — деди Нуркулова.

Kloop.kgнин кабарчысы бала бакча кызматкерлери менен байланышууга аракет кылганда алар бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери окуянын чоо-жайын аныктап чыгуу үчүн атайын комиссия түзгөн.

Комиссиянын чечими менен баланы мурда текшербегендиктери жана күнөөлүү эмес экендиктерин далилдей албагандыктары үчүн  тарбиячылар дисциплинардык жаза алышты. Келтирилген зыян фактылары тууралуу соттук медициналык экспертизанын корутундусунан кийин белгилүү болот.

«Качан биз баланы тарбиячыларына алып келүүнү өтүнгөнүбүздө балдар менен тарбиячылардын ортосундагы байланыш жакшы экенин көрдүк.  Балдар дароо эле аларга чуркап барышты. Тарбиячылар бала бакчага кабыл алуудан мурда балдарды толугу менен текшерип чыгуулары керек болгонунда ката болгон. Тарбиячылар андай кылышкан эмес жана ошол үчүн жаза алышты», — деди Kloop.kgге Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Никифорова.