Бишкекте 22-февраль күнү эртең менен күйүүчү-майлоочу май ташыган цистерна өрттөндү. Өрт үч сааттын ичинде өчүрүлүп бүттү. Учурда ал жакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Өрт тууралуу билдирүү таңкы саат 6:20да келип түшкөн. Өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, Фучик 47 дарегиндеги 40 тонналык цистерна күйүп жаткан.

Өрт болуп жаткан жерге үч өрт өчүрүү унаасы жөнөтүлгөн. Өрт үч сааттын ичинде өчүрүлүп бүттү. Болжолдуу маалыматтар боюнча, цистернада күйүүчү-майлоочу май бар болгон. Анын көлөмү белгисиз.

Ошондой эле азырынча өрт чыккан жердин кандай багыттагы объекти экендиги да белгисиз.

«Ал гараж же кампа экенин айтып жатышат. Бирок азыр анын эмне объект экендиги, ээсинин кимдиги жана өрттүн эмне себептен чыккандыгы такталып жатат», — деп билдиришити өрт өчүрүү кызматынан.

Тема боюнча: Элебаев/Кулатовдогу өрттүн болжолдуу себеби электр зымдарынан чыккан жалын болгон

Учурда өрт өчүрүү кызматы өрттүн келип чыгуу себептерин тактап жатат. Анын жыйынтыгында эч ким жабыркаган эмес.

Күн мурун борбордогу «Фрунзе» кафесинде өрт чыккан. Өрт өчүрүү кызматчыларынын айтымдарында, өрт жайылган аянт үч чарчы метрди түзгөн.

Өрттүн чыгуусуна электр түйүндөрүн монтаждоодогу коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы себеп болгон. Азырынча материалдык чыгым көлөмү белгисиз. Кызмат тергөө иштерин жүргүзүүдө.