Медресе башчыларынын 90%дан ашыгына жогорку билими тууралуу светтик дипломунун жоктугуна байланыштуу аттестацияга катышууга уруксат берилген жок. Алар ээлеген кызматтарын бошотуп берип же университетте билим алып келүүлөрү керек болот.
Кыргызстанда дин ишмерлери менен диний окуу жайларын (медресе) аттестациядан өткөрүү 24-февралда башталат. Бир ай аралыгында Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) алдындагы аттестациялык комиссия медреселердин билим берүү стандарттарына туура келүүсүн, а алардын башчыларынын араб тилин, диний сабактарды жана өлкөнүн мыйзамдарын билүүсүн текшерет.
Болжолдуу билдирмелерди кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча, жогорку билими тууралуу светтик дипломунун жоктугуна байланыштуу медресе башчыларынын 92%ына аттестацияга катышууга уруксат берилген жок. Жалпысынан 101 медреседен 72 билдирме келип түшкөн.
«Мурда уставда медресе жетекчилеринин жогорку билими болушу керек деп жазылган эмес. Бирок 2014-жылы жетекчилерде диний жана светтик билим тууралуу диплом болушу керек деген эреже киргизилген. Ошондуктан жетекчилердин көбү аттестацияга катышууга укук ала алышкан жок», — деди аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдулла Асыранкулов.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан Kloop.kgге ал эмес дин ишмерлеринин көбү диний билимге да ээ эмес экенин, андан улам алар өз орундарын бошотуп берүүгө аргасыз болушарын билдиришти.
«Биз комиссиянын курамында муфтийге өз сунушубузду жөнөтөбүз. Ал муфтият тарабынан бекитилген талаптарга жооп бербегендиктен аларды ээлеген кызматтарынан бошотуп, бош орундарга сынактарды жарыялашы керек», — деди мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Бактыбек Осмонов.
Аттестациядан өткөрүү диний абалды «оңдоо» жана диний сабаттуулукту жоюу максатында муфтият тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын бир бөлүгү болот, деп билдиришти Дин иштери боюнча мамкомиссиядан.
Диний эксперт Кадыр Маликов бул иш-чаралар экономикалык базаны жакшыртмайынча натыйжалуу болбойт деп эсептейт.
«Жогорку билимдүү адамды медреседе сабак берүүгө тартуу оңой эмес. Биринчиден, айлык аз (медресе көмөкпул менен кайыр-садагаларга жашайт), экинчиден, университетте сабак берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бир четинен сабаттуу окутуучулардын болушу зарыл, бирок ал үчүн экономикалык базаны даярдоо керек. Бизде эмгек рыногунда, билим берүү тармагында да ушундай абал» , — деди Кадыр Маликов Kloop.kgге.
Анын пикиринде, медреселердин окуу программасын анда окуп жаткандар аралаш адистикке ээ болуп, өзүн эмгек рыногунда таба алгыдай кылып кайрадан карап чыгуу зарыл.
Диний реформа
Кыргызстандын Коргоо кеңеши Дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын концепциясын 2014-жылдын 3-ноябрында караган.
Аны карап чыгуу зарылдыгы бир катар өлкөлөрдөгү «диний аралык кагылышуулар менен мамлекеттердин бүлүнүү коркунучтарынан» улам келип чыккан. Андан сырткары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын баяндамасында өлкөдөгү диний абалга жетишсиз көңүл буруу жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгү жазылган.
Концепциянын максаттарына КМДБнын иштөө системасын тартипке салуу, жаштар арасында билим берүүнү жөнгө салуу жана диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар киргизилген.