Орусиянын  «Башкы сахна» шоусунун катышуучусу Кайрат Примбердиев акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу Бишкекте жеке концертин берди. Концертте андан сырткары кыргыз эстрадасынын башка ырчылары да катышышты.

Кайрат Примбердиевдин акыркы 10 жылдан берки алгачкы жеке концерти 19-февралда Бишкектеги Спорт ордосунда өттү. Кесиптешин колдоп концертке кыргыз эстрадасынын башка ырчылары да келишти, алардын арасында Юрмалада өткөн «Жаңы толкун-2013» фестивалынын катышуучусу Айбек Бакытбеков дагы болду.

Концертке даярдануу маалында казустук учурлар да болбой койгон эмес. Сахнага чыгарга беш мүнөт калганда артист концерт үчүн даярдалган видеотасманы флешкага көчүрбөй калганын эстеген.

«Бул план боюнча болбогон жалгыз нерсе болду», — деди Примбердиев Kloop.kgге курган маегинде.

Ырчы өз маегинде келечекке койгон пландары тууралуу да ой бөлүштү. Анын айтымында, Орусиянын «Башкы сахна» долбоорунда калыстар тобунун мүчөсү болгон орусиялык эстрада ырчысы Елена Ваенга Примбердиевге бирге ыр жаздырууну сунуштаган.

«Елена Ваенга менен мен эки жолу ырдагам, а азыр болсо биз бирге ыр жаздыралы деп чечтик, аны радиолорго беребиз», — деди ал.

Ошондой Примбердиев өзүнүн ырлары менен аткаруулары жазылган дисктерди чыгарууну да пландап жатат.

«Мен сахнада аткарган ырларымды камтыган дисктерди чыгарууну пландап жатам. Азырынча аталышын ойлонуштуруп жатабыз. Ошентсе да ал «Кайрат Примбердиевден мыкты ырлар» деген аталыштагы жыйнак болот го», — деди ырчы.

Андан сырткары «Башкы сахнанын» финалисти Орусиянын шоусунун америкалык аналогуна катышуу ниетинде. Жакынкы убактарда Примбердиев ал максаттарды орундоо үчүн АКШга барууну пландап жатат.

Автор: Анастасия Стрельникова