Ош облусундагы Шамшидин Хожиматовдун үй-бүлөлүк цирк труппасы 20 жылдан бери өз оюн-зооктору менен Кыргызстандын түштүгүндөгү жашоочуларды кубандырып келет. Эл арасында Алимжан Палван деп аталып калган артисттин өзү цирк өнөрү менен 45 жылдан бери алектенет.

_MG_8952

Алижан Палвандын цирк труппасынын оюн-зоогуна билеттер сатылбайт — көрүүчүлөр артисттерге «жүрөктөн чыккан» акчаларын беришет. А акча берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор аларды бекер көрө алышат.

_MG_8968_MG_8942

Хожиматовдун труппасы артисттин алты кыздан кийин төрөлгөн жалгыз уулунун урматына «Лочин» деген аталышка ээ болгон.

_MG_8891

Шамшидин Хожиматов аркан жолдо басуу боюнча Ташкентте он жыл окуган — ал жакка ал онунчу классты аяктаары менен кетип калган. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин артист 20 жыл Ош мэриясынын Маданият департаментинде иштеген — ал жылдар аралыгында Хожиматов Казакстан, Украинада жана Орусиянын түрдүү аймактарында өнөрүн көрсөтүүгө жетишкен.

_MG_8883

Хожиматовдун үй-бүлөсү өз акчасына сатып алган автобус аларга 25 жылдан бери кызмат кылып келет. Артисттер кышында да жумушсуз отурбайт — февралда алар Ош облусунун Араван шаарына оюн-зоок койгону келишкен.

_MG_8917 _MG_8897

«Бизди тойлорго көп чакырышат. Жакында эле тоолуу Кожокелен айылындагы тойго барып, өз өнөрлөрүбүздү көрсөтүп келдик. Чек-Абад айылына да чакырышкан — ал жакта да оюн-зоок көрсөттүк. Түшкө чейин биз аркан жолдорду орнотобуз, андан кийин жарнама үчүн бир нече номур көрсөтөбүз, а эртеси болсо толук номурларыбызды аткарабыз» — дейт Алижан Палван.

_MG_8912

Ал башка өнөрлөр сыяктуу эле цирк өнөрүндө да кыйынчылыктар көп экенин, бирок аны таштоо таптакыр оюна келбегендигин айтты. Артисттин балдары менен неберелеринин айрымдары анын жолун жолдошкон, ага ал абдан кубанычта.

_MG_8979

«Жаш кезимде мен аркан жолдо басчумун. Азыр 60тан аштым — карыдым. Азыр аркан жолдо балдарым басышат. Мында неберелеримдин дээрлик бардыгы тең катышышат. Мисалы, үч жаштагы неберем дагы аркан жолдо басат», — дейт Хожиматов.

_MG_8940

Алижан Палван коопсуздуктун болушу — анын үй-бүлөлүк труппасындагы милдеттүү шарт экенин айтат.

_MG_8974 _MG_8929 _MG_8915

«Адамдардын көңүлүн ачуу үчүн [дарчылардан сырткары] маскарапоздор чыгышат, андан кийин балбан инилерим тараза таштарын көтөрүшөт. Жалпысынан оюн-зоок бир жарым, эки саатка чейин созулат».

_MG_8992 _MG_9005

Текст: Мурат Асан
Видео жана сүрөт: Дастан Үмөттегин