Дизайнер Олег Ермаков (Steel Drake) башында турган Кыргызстандын чыгармачыл командасы ата мекендик суперкар түзүү үчүн инвестор издеп жатат. Алар автоунааны чет өлкөлүк кардарлардын сатып алуусу үчүн чыгарууну пландап жатышат.

Steel Drake деген ысым менен белгилүү дизайнер Олег Ермаков өз командасы менен биргеликте Кыргызстанда «суперкар» классындагы «олуттуу атаандаштыктагы автоунаа» түзүү ниетинде. Дизайнердин айтымында, инвесторлор бул долбоорго кызыгууларын билдиришкен, бирок учурда алар менен дагы деле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ермаков Kloop.kgге курган маегинде болжолдуу эсептөөлөр боюнча, аларга 300 миң долларга чукул каражат талап кылынат. Суперкар чет өлкөлүк кардарлардын сатып алууларына багытталат.

12764611_1098549183531252_8725758107594100469_o

«Суперкар — биринчи кезекте имидждик автоунаа. Качан «Ламборгини» дегенде Италияны, «Астон Мартин» дегенде Улуу Британияны элестетебиз, мында кеңирирээк ой жүгүртүү керек. Айрымдары алгач [Кыргызстанда] жолдорду куруу керек деп жазып жатышат, а кимдир-бирөө бул продукт ички базар үчүн түзүлүп жатканын айтууда. Бирок негизи мындай нерселер өзүндө эксклюзивдердин болушун каалаган чет өлкөлүктөр үчүн жасалат, а эгер кыргыз суперкары чыкса, анда сөзсүз түрдө андай унаага буйрутма берген кардарлар табылат», — деди ал.

Суперкар Steel Drakeнин дизайны боюнча түзүлөт. Ермаковдун айтымында, бул долбоордун ишке ашуусу өлкөгө жакшы таасир этет.

«Автоунаа Кыргызстанда чогултулат: жумушчу орундар пайда болуп, ал сыяктуу окуянын айланасындагы ажиотаж өлкө үчүн жагымдуу фон түзөт. [Мындай долбоорлор] өзүбүз үчүн ишке ашырылбайт — бул мында жашаган, бир нерсе жаратууга жана түзүүгө шыктанган, жөндөмдүү адамдарды көрсөтүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк болот», — деди ал.

12493620_1098880473498123_3024139201150848244_o

Дизайнер командада суперкардын электр менен иштеген версиясын да түзүү пландары бар экенин айтты.

«Бензин менен иштеген версиясынан сырткары командада электр менен иштей турган версиясын чыгаруу пландары бар. Ал дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстандын да альтернативдүү энергия булактарына кош көңүл эмес экендигин көрсөтөт», — деп түшүндүрдү Steel Drake.

Олег Ермаков — Steel Drake деген каймана ат менен иштеген индустриалдык дизайнер. Ал анын мүмкүн болгон iPhone 8дин долбоорун америкалык-кытайлык компания сатып алгандан кийин белгилүү болуп калган.

Автор: Айдана Канатбек