Kloop.kgнин редакциясы Бишкектин Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) инспекторлорун жумуш маалында эмнелер кыжырданта тургандыгын билүү үчүн алардын арасында сурамжылоо жүргүздү.

ЖКК кызматкерлери шаар менен анын сыртында үлгүлтүксүз жана коопсуз транспорт кыймылын камсыздоого милдеттүү. Ошондуктан алар жолдордогу абалды көзөмөлдөө үчүн 40 градустук ысыкта да, нөшөрлөгөн жамгырда да көчөлөрдө туруулары керек.

Айдоочулар инспекторлорду коррупция менен орой мамиле кылууга көп айыпташып, «бактардын арасына жашынып алгандыктан» аларды байкоо кыйын экенин айтып келишет.

Kloop.kgнин редакциясы аларды өз жумуштарында эмнелер кыжырданта тургандыгын билүү үчүн ЖКК кызматкерлери менен сүйлөшүп көрүүнү чечти.

Бирок сурамжылангандардын бир бөлүгү «Жумушуңузда сизди эмне кыжырдантат?» деген суроого жооп берүүгө макул болушкан жок, а дагы бир бөлүгү өз кызматына ыраазы экендиктерин айтышты. Калгандары болсо узакка созулган кабарчысынын көндүрүүсүнөн кийин гана өз пикирлерин айтып беришти.

IMG_9736

— Жол эрежесин бузуп, бирок күнөөсүн мойнуна албагандар кыжырдантат.

IMG_9714

— Айдоочулар тоготпой, токтобостон өтүп кеткен учурлар кыжырдантат.

— Айдоочунун күнөөсүн далилдей албагандыгыбыз кыжырдантат, анткени камералар жок, а радар ылдамдыкты гана өлчөйт.

DPS

— Эрежени билип туруп атайын бузгандар жиндентет. Мына, айдоочу айланып өтө алмак да, жок — каршы тилкеге чыгып туруп өтөт. Андай кылууга болбостугун билет да.

— Адамдардын алдагандыгы кыжырдантат.

IMG_9486

— Түрдүү актанууларды тапкандыктары кыжырдантат. Көбүнчө апам ооруп жатат, шашып атам, ооруканага алып барыш керек деген сыяктуу сөздөрдү айтышат.

IMG_9482