Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) 1-апрелден тарта литий-иондук батареяларды учактардын жүк жайларында ташууга чектөө киргизет. Тыюу жүргүнчүлөрдүн колго алып жүрүүчү жүк катары ташылып жаткан жеке аккумуляторлоруна тийиштүү болбойт.

ИКАО чектөөлөрдү өз алдынча жалын пайда кылчу батареялардын өрт чыгаруу тобокелдиктеринен улам киргизүүдө.

«Чектөөлөр жүргүнчү ташуучу учактарда жүк катары ташылган литий-иондук батареяларга гана тийиштүү, а жүргүнчүлөрдүн же учактын экипаждарынын жеке электрондук түзмөктөрүнө тиешиеси жок», — деп билдиришкен уюмдан ТАСС агенттигине.

Аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын сайтына жарыяланган расмий документке ылайык, батареяларды жүк катары ташууга болбойт.

Ошондой эле документте тыюунун аспаптар менен комплектиде таңгакталган, андан кубаттанып жаткан же аспаптын өзүнө салынган батареяларга тиешеси жоктугу көрсөтүлгөн. Батареяларды колго алынып жүрүүчү жүк катары алып өтүүгө болот.

ИКАОнун маалыматы боюнча, бул чечим аккумуляторлор үчүн отко чыдамдуу таңгактардын жаңы стандарттары иштелип чыкмайынча күчүндө болот. АКШнын Жарандык авиациясынын федералдык башкармалыгынын сыноолору ысып кеткен аккумуляторлордун газдары жүк контейнерлеринде топтолорун көрсөттү. Алар өз алдынча жалын чыгарып, 593 градустан жогорку деңгээлге чейин ысыган өрт пайда кыла алышат, өз кезегинде мындай температура авиакурулушунда пайдаланылган алюминий эрий турган температурага жакын.

Литий-иондук батареялар ашкере ысып, андан жалын чыккан учурлар 2013-жылдын январында катталган — Американын Бостон шаарында токтоп турган учакта жана Жапониянын үстүнөн учуп бара жаткан учакта. Экинчи учурда  All Nippon Airways авиакомпаниясынын учагына аргасыз конууга туура келген.

2015-жылы эки компания — Boeing менен Airbus — алардын учактары «литий-иондук аккумуляторлор партиясындагы өрттөргө туруштук берүүгө» ылайыкташкан эместигин билдиришкен.

Чектөө ИКАОго мүчө бардык өлкөлөргө, анын ичинде уюмга 1992-жылы кошулган Кыргызстан үчүн да милдеттүү.

Литий-иондук аккумуляторлор заманбап турмуш-тиричилик техникаларында көп кездешет жана уюлдук телефондордо, ноутбуктарда жана санарип фотоаппараттары менен видеокамераларда кеңири пайдаланылат.