№1 Ала-Арча Мамлекеттик резиденциясынын жашоочуларынын биринин газ үчүн дебитордук карызы 11 миң 568 сомду түзгөн. Азыр ал сумма президент менен өкмөттүн иш башкармалыктарынын мойнунда. Бирок иш башкармалыктардын кызматкерлери газды колдонбой тургандыктарын жана эмне болуп жатканын билбестиктерин билдиришти.

«Бишкекгаз» жаңылыштык менен Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудиновдун атына 11 миң 568 сом карыз экендиги жазылган билдирүү жөнөткөн. Эсеп №1 Ала-Арча Мамлекеттик резиденциядагы дарегине келген.

Андан көп өтпөй Чудинов өзүнүн жеке блогу аркылуу карыз экендиги тууралуу маалыматты «өкүнүчтүү ката» деп атап, өкүлчүлүктүн директорунун кечирим суроосу жазылган расмий катты жарыялаган. Анда буга чейинки «маалыматтардын чындыкка дал келбей тургандыгы» белгиленген.

«Бишкекгаздын» кызматкерлери Kloop.kgге мурда ал дарек боюнча Чудинов жашаганын жана өздүк эсеп анын атына жазылганын, бирок азыркы учурда анда факты жүзүндө башка адамдын жашай тургандыгы аныкталганын билдиришти.

«Көрсө алар өз учурунда документтештиришпептир. Азыр ал жакта башка киши жашайт. Иш башкармалык эсепти азыр ал жакта жашап жаткан адамдын атына жаздырышы керек болчу», — деди кызматкерлердин бири.

«Бишкекгаздын» директору Чудиновго жазган катында андан өздүк эсепти учурда өкмөттүк үйдө жашап жаткан адамдын атына каттаттыруусун өтүнгөн. А эсеп ал адамдын атына каттаттырыла элек болгондуктан карыз азырынча президент менен өкмөттүн иш башкармалыгына жазылган.

Иш башкармалыктардан Kloop.kgнин кабарчысына газ колдонбой тургандыктарын, ошондуктан №1 Ала-Арча Мамлекеттик резиденциясындагы карыз тууралуу эч нерсе билбестиктерин билдиришти.

«Биз газ колдонбойбуз» , — деп билдиришти иш башкармалыктын кызматкерлери.

Мамрезиденциядагы үйдө жашап жаткан адамдын тек-жайы айтылбай эле. Иш башкармалыктан ал «купуя маалымат» экенин айтышты.

«Биз азыр ал жакта ким жашап жатканын тактап жатабыз, бирок биз [ал киши үчүн] газга акча төлөбөйбүз» , — деп билдиришти иш башкармалыктан.