Ысык-Көл облусунун Тасма айылында жашаган дыйкан Бейшенбай Сааданбаев үйүндөгү электр жарыгынын тез-тез өчүрүлүшү көйгөйүн чечүүнүн жолун тапты — ал үчүн дыйкан шамалдын энергиясын пайдалана баштаган.

Сааданбаев шамал-генераторун 2015-жылдын жайында чогултуп бүткөн — ал үчүн техникалык билими жок, өмүр бою жер иштетүү менен алектенген айыл тургунуна үч айга жакын убакыт талап кылынган.

IMG_2862-1

Анын айтымында, мурда Тасмада күн сайын электр энергиясын өчүрүп келишкен — бул айылдыктарга көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратчу. Өз кезегинде ал айылдык ойлоп табуучуда шамал-генераторун чогултуу идеясынын жаралышына түрткү болгон.

IMG_2865-1

Сааданбаев бул шамал менен иштеген кичи-электр станциясын иштеп чыгууга көп деле чыгым болбогондугун, бирок аны чогултуу маалында кыйынчылыктар болгонун айтты.

IMG_2864-1

«Башында жөн гана кызыгып чогулткам. Кийин баары даяр болгон соң тегеренүүсү жетпей калып жатты. Анан аккумулятор кошуп, аны генератор менен тутуштырдым — иштеп баштады. Бирок анда азкыркыга чейин иштеп чыгуу керек болгон жерлери бар», — деди фермер.

IMG_2868-1

Убакыттын өтүшү менен Тасмада электр энергиясы көп өчүрүлбөй, шамал-генераторлору анда анчалык зарыл болбой калган — эми Сааданбаев бул сыяктуу генераторлорду таптакыр электр жарыгы жок жерлерге орнотууга каражат издеп жатат.

«Менин келечекке койгон планым — мындай техниканы электр жарыгы жок жерге орнотуу. Мисалы, жайлоолордо, тоо базаларында», — деди айылдык ойлоп табуучу.

Сааданбаев Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, ал кичинекей кезинен бери эле техникага кызыгат, а Советтер Союзу тарагандан кийин эксперимент жүргүзүп, түрдүү механизмдерди чогултуп баштаган.

Анын алгачкы эмгеги эгин басуучу машина болгон — айыл тургундары аны азыркыга чейин пайдаланып келишет.

Сүрөт жана видео: Айгерим Кубатбекова
Текст: Нуржанат Советбек кызы