DOXA граффити-командасы борбордогу жаңы Oilo коворкингдин дубалына белгилүү актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун портретин чегип түшүрүштү.

Белгилүү актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун портрети Бишкектеги жаңы Oilo коворкингдин имаратында пайда болду. Сүрөт бишкектик DOXA аталышындагы граффити-командасы тарабынан болгарка жана кескичтин жардамы менен аткарылган.

Kloop.kgге курган маегинде DOXAнын сүрөтчүсү Дмитрий Петровский алар көптөн бери дубалга сүрөттү чегип түшүрүүнү каалап келгендиктерин айтты. Бул дубалга чегилип түшүрүлгөн Бишкектеги алгачкы сүрөт.

«Стилдин өзү — штукатурканы чуңкурайтып тешүү — жаңы техника эмес. Болгону биз анда жаңы бир нерсе болсо дедик. Идея мурда эле пайда болгон. Жаңы ковркинг ачылып жатыптыр, анан аны жасалгалоого бизден жардам сурашты», — деп белгиледи сүрөтчү.

12742020_526300857550258_5790704683495278245_n

Кыштан курулган  дубалга сүрөттү чегип түшүрүүгө төрт күн убакыт кеткен. Иштөөгө болгарка, кечкич жана балка пайдаланылган. Петровскийдин айтымында, Чокморов дубалга жөн жерден түшүрүлгөн эмес.

«Аны төрт күн дегенде бүттүк. Негизи катары белгилүү инсан деп Сүймөнкул Чокморовду алдык. Ал сүрөтчү, актёр болгондуктан анын партретин түшүрүүнү чечтик, анткени бул өтө кызыктуу техника», — деди Петровский.

Сүрөтчү DOXA командасы мындан ары да кыш дубалдарга сүрөттөрдү чегип түшүүрүсүн улантуу ниетинде экенин кошумчалады.

«Биз мындан ары да бул техникада ишибизди уланталы деп пландап жатабыз, тагыраагы адамдар аларды жабык имараттарда гана эмес, а коомдук жайларда да көрсүн деп шаарда, көчөдөгү дубалдарда уланталы деп жатабыз» , — деди ал.

DOXAнын эмгектери

DOXA арт-тобу буйрутмалар боюнча борбордогу имараттардын дубалдарына жана башка жерлерге көлөмдүү социалдык граффитилерди түшүрүп баштагандан кийин кеңири атактуулукка жеткен.

Алардын эң белгилүү эмгектеринин бири болуп Семён Чуйковдун «Советтик Кыргызстандын кызы» сүрөтүнүн Бишкектеги имараттардын биринин каптал бетине түшүрүлгөн ремейки эсептелет.

Сүрөтчүлөр чет өлкөлөрдө да иштешет. Өткөн жылдын 30-ноябрында Швейцариянын Ивердон шаарында темир комузда ойноп жаткан кыргыз кызы тартылган граффити пайда болгон.

DOXA арт-тобунун граффитини тарткан мүчөсү Сергей Келлердин айтымында, бул эмгек «Синегорье» деп аталган кыргыз-швейцар биргелешкен долбоорунун алкагында тартылган.

Сүрөт: DOXA Art-groupтун Facebookтагы баракчасы