Барселонада эл аралык MWC 2016 көргөзмөсү аяктады. Анда LG, Samsung, Sony жана Xiaomi компаниялары өз флагмандарын көрсөтүшүп, көптөгөн камералар, ошондой эле виртуалдык реалдуулук көз айнектери, акылдуу бут кийим, жылуулук өлчөөчү жабдуу орнотулган смартфон жана космоско жеке учуулар үчүн учактар тааныштырылды.

ЖАҢЫ ФЛАГМАНДАР: SAMSUNG GALAXY S7 МЕНЕН S7 EDGE, LG G5, XIAOMI MI5 ЖАНА SONY XPERIA X PERFORMANCE

Быйыл Барселонада дээрлик бардык башкы оюнчулар өз флагмандарын көрсөтүштү: Samsung, LG жана Sony. Андан сырткары күтүүсүздөн батыштагы көргөзмөгө Кытай менен Индиянын өсүп келе жаткан базарлары үчүн флагмандык мүнөздөмөлөрү бар өтө арзан смартфондорду чыгарып келген Xiaomi компаниясы да барган.

Спецификация жагынан алып караганда жаңы флагмандардын бардыгын тең кыйла окшош: Galaxy S7 менен S7 Edge, LG G5, Xiaomi Mi5 жана Sony Xperia X Performance Snapdragon 820 процессорлору, 12 мегапикселден 23 мегапикселге чейинки диапазондогу камералар жана 4 гигабайт ыкчам эс тутум менен (3 гигабайттуу жаңы Xperiaдан башкасы) жабдылышкан. Жаңы тренддерден — манжа издерин сканерлөө, тез кубаттануу жана USB Type-C кеңири жайылган.

Флагмандык Xperia X Performance жана орто класстагы Xperia XA менен Xperia X
Флагмандык Xperia X Performance жана орто класстагы Xperia XA менен Xperia X

Бирок алардын мүнөздөмөлөрүнөн да компаниялардын өз смартфондорун кубаттуулугун арттыруу менен гана эмес, а жаңы нерселерди киргизүү менен илгерилетүүгө аракет кылып жаткандыктары кызыгыраак.

Өткөн жылы Samsung өзгөчөлүк катары капталдары жумуруланган смартфонун чыгарса, быйыл компания өзүнүн флагмандык S7 жана S7 Edge смартфондорун суу кирбес кылып чыгарган.

Сыртынан Galaxy S7 менен S7 Edge Samsungдун мурдагы флагмандарына дээрлик окшош
Сыртынан Galaxy S7 менен S7 Edge Samsungдун мурдагы флагмандарына дээрлик окшош

LG андан да ары кеткен. Анын жаңы G5 флагманы модулдук Project Ara смартфонунун концепциясын элестеткен алмашма модулду колдойт. Телефонго сүрөткө тартуу үчүн атайын баскычтары бар кеңейтилген сыйымдуу аккумуляторду же Bang & Olufsenтен Hi-Fi аудиокартасын сатып алып, кошууга болот.

Сменный модуль у LG G5
LG G5тин алмашма модулу

Sony быйыл өз телефондору менен өзгөчө деле тобокелчиликке барбай эле коюуну чечкен — X, X Performance жана XA смартфондору кыйла адаттагыдай эле. Бирок компания ал сыпайылыгын бир катар өзгөчөлөнгөн аксессуарлар менен толуктаган: Xperia Agent жеке жардамчы колонкасы, кеңири бурчтуу Xperia Eye камерасы, портативдүү Xperia Projector проектору жана Xperia Ear блютуз-гарнитурасы.

Изображение с портативного проектора Xperia Projector
Портативдүү Xperia Projector проекторунан сүрөт

Xiaomi гана (чынында жогоруда аталган компаниялардан кем эмес эксперименттерди жасагап жаткан) MWCда өзүнүн башкы артыкчылыгы, баасы менен утууну чечкен. Флагмандык Xiaomi Mi5 Кытай менен Индияда болгону 260 АКШ доллар болот. Бул ошол сыятуу эле мүнөздөмөлөргө ээ G5 же S7ден бир канча эсеге арзан.

У Xiaomi Mi5 крайне тонкая рамка дисплея по бокам
Xiaomi Mi5тин экранынын капталдарындагы рамка абдан ичке

Тема боюнча: Стартаптардын эл аралык сынагында кыргызстандыктар үчүнчү орун алышты

Бардыгына виртуалдык реалдуулук: жаңы көз айнектер жана 360 градустук жаңы камералар

Oculus Rift Барселонада болгон жок. Көз айнектерди сатуу бир айдан кийин башталат — бирок иштеп чыгуучулар толгон жаңы девайстарды көрсөтүштү.

LG компаниясы G5 смартфону менен биргеликте иштей турган  портативдүү LG 360 VR аталыштагы жеңил көз айнектерин тааныштырды. Алар өз атаандаштарына караганда кыйла жеңил жана органикалуу көрүнөт. Бирок журналисттердин билдирүүлөрү боюнча, анын дизайны бир катары кемчиликтерге ээ: конструкциясы өтө жеңил болгондуктан көз айнек айланадагы жарыктарды өткөрөт.

LG G5 с двумя сменными модулями, LG 360 VR и LG 360 Cam
Эки алмашма модулдуу LG G5, LG 360 VR жана LG 360 Cam

LG ошондой эле 360 градустук виртуалдык реалдуулук видеосун тартуу үчүн LG 360 Cam камерасын көрсөттү. Samsung дагы ушул сыяктуу эле девайсын тааныштырды: аныкы Gear 360 деп аталат.

Круглая камера Samsung Gear 360
Samsung Gear 360тын тоголок камерасы

Барселонадагы көргөзмөдө HTC компаниясы да өз продуктусун тааныштырды: бирок жаңы смартфондорун эмес, а HTC Vive аталышындагы виртуалдык реалдуулук көз айнектерин. Компания Vive сатыкка апрелде (Oculus Riftтан бир аз кечирээк) 799 АКШ долларынан (Oculus Riftтан 200 долларга кымбат) чыгарыларын билдирди.

HTC Vive виртуалдык реалдуулук көз айнеги
HTC Vive виртуалдык реалдуулук көз айнеги

Кызыктуу анонстор: акылдуу бут кийим, термалдуу камерасы бар смартфон жана космоско жеке учуулар

Caterpillar компаниясы (кыскача CAT) дизель генераторлорунан тарта эскаваторлорго чейинки түрдүү адистештирилген техникаларды өндүрүү менен алектенет. Андан сырткары ал абдан корголгон смартфондорду чыгарат. Быйыл компания Барселонада ал сыяктуу кезектеги продуктусун көрсөттү.

CAT S60тын негизги өзгөчөлүгү — жылуулук өлчөө жабдуусунун бар экендигинде. Caterpillarдын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү боюнча, бул адистерге багытталган чоң суроо-талапке ээ продукт: мисалы, тергөөчүлөр (кылмыш болгон жерлерди «изин суутпай иликтөө үчүн)  менен электриктерге.

CAT S60 с тепловизором
Жылуулук өлчөө жабдуусу орнотулган CAT S60

MWC көргөзмөсүндө Iofit стартабы акылдуу бут кийимин тааныштырды — колдонуучунун физикалык активдүүлүгүн өлчөө үчүн эки түгөйлүү бут кийим атайын билгизгичтер менен жабдылган. Бул жагынан алып караганда алар смарт-сааттарга окшош, бирок бут кийимдин мүмкүнчүлүктөрү көп: ал колдонуучунун кадамдарынын саны менен физиологиялык көрсөткүчтөрүн гана өлчөбөстөн, ар бир буттун басуу күчүн жана салмактын таманга жайылуусун белгилеп турат.

Iofit адистер — спортчулар менен медиктер үчүн пайдалуу болот болушу керек. Бирок компания өз бут кийимин массалык продукт катары жайылтуу ниетинде. Iofit бир жолу кубатталган батареялар менен 7 күнгө чейин иштей алат. Расмий сатылышы мартта башталат: кадимки версиясы үчүн 200 доллар жана гольфго ылайыкташтырылган бут кийими үчүн 250 доллар төлөөгө туура келет.

Так выглядит стандартная модель Iofit
Iofitтун стандарттуу үлгүсү ушундай көрүнүштө

Космоско учуулардын пионери эсептелген Virgin Galactic компаниясы быйыл Барселонада SpaceShipTwo VSS Unity учагынын жаңы версиясын тааныштырды. Ал тесттик үлгүсү 2014-жылы экинчи учкучунун күнөөсү менен кулап түшкөн SpaceShipTwo Enterprize учагынын мураскери. Анда бир киши каза болгон.

План боюнча, жаңы SpaceShipTwo WhiteKnightTwo деген атайын кошумча учактын жардамы менен 12 миң метр бийиктикке көтөрүлөт, кийин өзүнчө ажырагандан кийин атмосферага чыгуу үчүн ылдамдыгын андан да арттырат.

SpaceShipTwo VSS Unity
SpaceShipTwo VSS Unity

Жалпысынан компания 700 билет сатууга жетишти, алардын ар биринин баасы 250 миң АКШ долларынан. Азырынча космоско учуунун өзүнүн качан башталары белгисиз — компаниянын негиздөөчүсү Ричард Брэнсон азыр тесттик учууларды күтүүгө да эрте экенин билдирди.