Орусия телеканалдары Кыргызстанды «ИМ тобу үчүн кадрларды даярдоочу жайга айланды» деп аташып, кыргызстандыктардын тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмуна тартылып жаткандыктары тууралуу сюжетти көрсөтүштү.

Кыргызстандыктардын «Ислам мамлекети» тобунун катарына тартылып жаткандыктары тууралуу сюжет «Россия 24» жана «Россия» телеканалдарынын эфирине 24-февралда чыкты.

Эки телеканалдын алып баруучулары өз көрүүчүлөрүнө сюжетти эки башкача кылып айтып беришти.

«Россия» каналынын эфиринде алып баруучу Мария Ситтель Кыргызстан «Ислам мамлекетинин» согушкерлеринин Орусияга кирүү каналдарынын эң башкыларына айланып бара жатканын» айтты. Сюжет телеканалдын сайтына «Кыргызстан «Ислам мамлекети» үчүн кадрларды даярдоочу жайга айланды» деген аталыш менен чыгарылган.

Сюжеттин «Россия» телеканалында башталышы:

«Расмий маалыматтар боюнча эле, учурда террорчулардын катарында бул өлкөнүн жүздөгөн жарандары согушуп жүрүшөт, алар кийин эмгек мигранттары катары жеңил эле, визасыз биздин өлкөгө келиши мүмкүн», — деген алып баруучу.

«Россия 24» каналынын эфиринде алып баруучу сюжетти Кыргызстандын дарегине эч кандай баа бербестен эле тааныштырган.

Сюжеттин «Россия 24» телеканалында башталышы:

«Кыргызстандын атайын кызматтары жаштарды эл аралык террорчул уюмдарга тартуу менен алектенип жүргөн торрорчуну колго түшүрүштү. Аларга сыйлык убада кылып, Сирияга согушка жөнөтүп турган. Бирок кийин алардын баары эле үйлөрүнө кайтып келе беришпейт», — деген алып баруучу.

Андан соң атайын репортаждын өзү көрсөтүлүп баштаган.

Сюжетте журналист Эдуард Пунегов алып баруучунун оюн улап, «Кыргызстанда эртеби-кечпи согушкерлер кайрадан мекенине кайтып келет деп кооптонуп жатышат» деп айткан.

«Демек алар мигрант катары коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Орусияга дагы кирип кете алышат», — деген журналист.

Узактыгы төрт мүнөттү түзгөн сюжетте кыргызстандыктардын «Ислам мамлекети» уюмунун катарына тартылып жаткандыктары тууралуу айтылган. Анда атайын кызматтагылардын документалдык кадрлары жана бир нече адам менен болгон маек көрсөтүлөт — адамдарды уюмга тартууга шектелгендин өзү, Оштун муфтийи жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлүнүн маектери.

Сюжетте ошондой эле журналист ишендиргендей, Сириядан качып келген кыргызстандык жана кыргыз айылынын Сирияда каза болгон жашоочусунун үй-бүлөсү менен болгон маек көрсөтүлгөн.

Пунегов террорчул уюмга кыргызстандыктарды дин ишмерлеринин тартып жаткандыгына мисал катары бир жыл мурда «диний араздашууларды козутууга» шектелип кармалган имам Рашод Камаловду келтирген.

«Имам Рашод Камалов мечитке келгендерди ачык эле «Ислам мамлекети» үчүн согушууга чакырып келген. Жыйынтыгында темир тор артына камалды», — деп айткан Пунегов.

Бирок журналист имамдын жактоочуларынын көз караштарын келтирген эмес. Камаловдун коргоочулары EurasiaNetке курган маектеринде имамга каршы айыптар «негизсиз» экенин билдиришкен.

«Ислам мамлекети» жана кыргызстандыктар

Түрдүү маалыматтар боюнча, Сириядагы согуштук аракеттер болуп жаткан аймактарда 300дөн 1 миңге чейинки кыргызстандыктар жүрүшөт. Кыргызстандын ИИМи алардын саны 500 экинин билдирүүдө. «Ислам мамлекети» республикада террорчул уюм деп таанылган, Сириядан кайтып келген кыргызстандыктарды кылмыш жоопкерчилиги күтүп турат.

«Адамдарды өлтүрүүгө Жакынкы Чыгышка кеткендер үчүн биздин коомдо орун жок. Тилекке каршы, үйлөрүнө кайтып келгендерди эмне кылуу керек деген көйгөй бардык өлкөлөрдө бар. Бирок катар өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда Жакынкы Чыгыштан кайтып келген жалданма согушкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечим кабыл алынды. Биз дагы ошондой ойду карманабыз», — деп билдирди ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын начальниги Сталбек Рахманов.