Жогорку класстын окуучулары мектепти бүтүп жатканда билеттер боюнча мамлекеттик сынактардын ордуна жыйынтыктоочу тесттерди тапшырып башташат. Тестирлөө Кыргызстандагы бардык мектептерге 2017-жылдан баштап киргизилет.

2017-жылдан тарта мектеп окуучулары бүтүрүү сынактарын билеттер боюнча эмес, а төрт башкы сабак боюнча тесттик тапшырмаларга жооп берүү менен тапшырып башташат.

Мектептерге киргизилген жаңы тартип ЖМА — жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация деп аталат. 2016-жылы ал облустук мектептерде сыноо иретинде жүргүзүлөт.

Билим берүү министри Эльвира Сариева ЖМА окуучулардын «билимдерин кыйла объективдүү баалоого» мүмкүндүк берет деп эсептейт. Анын айтымында, мектептер окуучуларын жакшы баалар менен бүтүрүүгө «кызыкдар».

«Ал көз карандысыз объективдүү баалоо. Качан окуучу бир мектепте 11 класс окуганда, мектеп аны жакшы баалар менен бүтүрүүгө кызыкдар. Биз анализ жүргүзгөндө баалардын бир аз гана бөлүгү окуучулардын чыныгы билимдерине туура келбей тургандыгы аныкталган» , — деп түшүндүрдү Сариева.

Улуттук тестирлөө борборунун директору Артур Бакиров тесттерди жоопторун туура таап тапшыруу кыйын болот деп эсептейт. Анын айтымында, тест жакшыртылып, окуучунун чыныгы жөндөмдүүлүктөрүн баалай турган жаңы форматтарга ээ болот.

«Болжолдоп табуунун пайыздары бар. Теориялык жактан жооптордун 15-20%га чейинкисин болжолдоп туура тапса болот. Бирок Улуттук тестирлөө борбору жаңы форматтарды киргизүүдө. Биз окуучунун жөндөмдүүлүктөрү менен даярдыгын кеңирирээк баалай алабыз», — деди Бакиров.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга кирүү үчүн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) үчүн төлөгөндөй акча төлөнбөйт.

Аны менен катар ЖРТ милдеттүү бойдон кала берет — ал бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайларга тапшыра алуулары үчүн өткөрүлөт.

«Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн ЖРТ милдеттүү бойдон кала берет, ал окуучунун окууну улантып, алган билимин практика жүзүндө колдонуп кете алуу жөндөмдүүлүгүн аныктайт. Жыйынтыктоочу аттестация окуучунун мектеп программасын кандай өздөштүргөндүгүн көрсөтөт», — деди Сариева.

Министрдин айтымында, аттестат алууга да, жогорку окуу жайына тапшырууга да мүмкүндүк бере турган бирдиктүү тест болбойт, анткени алар эки башка компонент.

«Биздин орусиялык кесиптештер кайра артка кайтып, аны эки компонентке бөлүп жатышат», — деди ал.

Сүрөт: Сорос Кыргызстан