Орусиянын федералдык «Россия 24» телеканалы кыргызстандыктардын «Ислам мамлекетине» тартылып жаткандыктары тууралуу сайтына жайгаштырылган сюжетинин аталышын өзгөрттү. Буга чейин репортажда Кыргызстан «ИМ үчүн кадрларды даярдоочу жайга айланды» деп аташкан.

Телеканал сайтындагы сюжеттин «Кыргызстан ИМ үчүн «кадрларды даярдоочу жайга айланды» деген аталышын бир күндөн кийин «Ислам мамлекетине» террорчулардын кантип тартышат: атайын репортаж» деп өзгөрттү.

Ал сюжетте «Вести» берүүсүнүн кабарчысы Эдуард Пунегов кыргызстандыктардын тыюу салынган «Ислам мамлекетинин» катарына кантип тартылып жаткандыктары тууралуу айткан.

Телеканалдын сайтындагы сюжеттин аталышы «Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн кыргыз колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жараткан. Аларга Кыргызстанды «Ислам мамлекети» үчүн кадрларды даярдоочу жай» деп атагандыктары жаккан эмес.

«Кыргызстанды гана айыптап, аны даярдоочу жай деп атоо туура эмес. Ал жакта орусиялык паспорт менен жүргөндөр деле толтура!» — деп жазган Алина Торунлу-Глазунова аттуу колдонуучу.

Темирлан Ишентуров деген колдонуучу Кыргызстандан Сириядагы согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарга өтө аз сандаган согушкерлердин кете тургандыктарын билдирген.

«Аймактагы өлкөлөрдүн ичинен Сирияга согушууга Кыргызстандан эң аз согушкерлер кетип жатышат. Орусиянын өзүнөн Сирияга бир канча эсе көп киши кеткен», — деп жазган ал.

Улан Жумаков деген колдонуучу сюжетте фактылардын жоктугун белгилеген.

«Силерде ИМ мүчөлөрүнүн Кыргызстандан Орусияга өткөндүгү боюнча жок дегенде бир фактыңар барбы? Эмнеге мындай чагымчыл макалаларды чыгарып жатасыңар?» — деп суроо салган ал.

«Россия 24түн» YouTube-каналындагы сюжеттин аталышы мурдагы бойдон калган.

«Психикалык саламаттык жана коом» аталышындагы коомдук бирикменин башчысы Бурул Макенбаева сюжет журналисттик этиканы бузат деп ишендирүүдө.

«Кыргызстандан барган эмгек мигранттары башка мигранттар менен катар эле Орусия Федерациясында басмырлоолор менен зомбулуктарга туш болушары белгилүү, а бул макала алардын абалын андан да оорлотот», — деп жазган Макенбаева Кыргызстандын ЖМКларга даттануу боюнча комиссиясына жазган ачык катында.

Орусия ИИМинин 2015-жылдын декабрындагы маалыматы боюнча, Сирияда азыр 2900 орусиялык жүрөт. Андан сырткары 889 согушкердин кайтып келип, аларга каршы кылмыш иштеринин козголгондугу кабарланууда.

Февралда кыргыз милициясы аларга Сириядагы согуштук аракеттер болуп жаткан аймакка 500 кыргызстандыктын кеткендиги белгилүү экенин билдирген.

Бул кыргызстандык интернет колдонуучулардын реакциясы орусиялык телеканалдарды сюжетин өзгөртүүгө аргасыз кылган биринчи учур эмес. Буга чейин «Биринчи канал» милиция кызматкери Артем Королюктун метродо аялды куткаргандыгы тууралуу сюжетине ага кыргызстандык Марат Исаев жардам бергендиги тууралуу маалыматты кошкон.