24 жыл мурда болгон күтүлбөгөн кырсыктан улам Ысык-Көл облусундагы Чоң-Тогузбай айылынын жашоочусу Бактыбек Кудабаевдин буту баспай калган. Азыр ал тигүүчүлүк жана буюмдарды оңдоо өнөрүн үйрөнүп, өз айылына пайдалуу болууга аракет кылып келет.

Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Бактыбек Кудабаев кесиби боюнча тракторчу. Бирок окуусун аяктагандан кийин кесиби боюнча иштебестен, Түп районундагы курулуштардын бирине жумушчу болуп орношкон.

Ал курулушта күтүүсүз кырсык болгон 1992-жылга чейин иштеген. Анда ал эки метрлик бийиктиктен кулап кетип, бели менен ташка тийген. Ошондон бери белинен төмөн жагы кыймылдабай калган.

Кудабаев дарылануу курстарынан өтүп, ага Бишкек менен Караколдо бир нече жолу операция жасалган. Эч кандай жыйынтык болбогондуктан ал 2000-жылы дарылануусун токтоткон.

Андан соң Кудабаев жашоого акча табуу үчүн өтүктөрдү тигип, айылдаштарынын турмуш-тиричилик буюмдарын оңдоп баштаган.

Анын күндөрү бири-бирине окшош өтөт — өтүктөрдү оңдоп, аралар менен балталарды курчутат. Кээ бирде бычактарды жасап, аларды саткан учурлары да болот.

«Тапкан кирешем көп эмес, күнүмдүк керектөөлөргө жумшайбыз, азык-түлүк сатып алабыз», — деди Кудабаев.

Ал бул өнөргө өз алдынча үйрөнгөн. Айылдаштары ага түрдүү маселелер менен кайрылышат, бардык нерселерди алып келишет: самоордон тарта электр мештерине чейин.

«Колумдан келишинче жасайм. Жасай албасам ошентип эле айтам», — деп түшүндүрдү ал.

Ал өз кызматтары үчүн атайын баа белгилебейт. Кудабаев иши үчүн канча беришсе ошончо алат.

«А айырмдарынан мен таптакыр албайм, бекер жасап берем. Мисалы, мен жетимдерден жана төлөөгө мүмкүнчүлүгү жоктордон албайм», — дейт уста.

Өткөн жылы айыл тургундары менен бирге айылдык башкармалык ага үй куруп беришкен, бул үчүн ал ыраазычылыгын билдирүүдө. Ага чейин Кудабаевдин үй-бүлөсү ата-энеси менен бирге жашап келишкен.

Биринчи аялы экөө 2000-жылга чейин, 12 жыл бирге жашашкан. Андан соң ал балдарын калтырып кетип калган. Учурда Кудабаев экинчи аялы менен жашайт, алар 2005-жылы баш кошушкан. Майып-устанын беш баласы жана үч небереси бар.

Ал бардыгын колго жасагандыктан бут кийим үчүн тигүүчү машина сатып алууну каалайт. Ал балдары да анын жолун жолдоп, бул өнөргө үйрөнүп кетишет деген үмүттө.

Текст: Нуржанат Советбек кызы
Видео: Айдай Амантурова