Иши тергелип жаткан Азат Алымкулов сотко бара жаткан маалда качып кетти. Милиция тарабынан издөө иш-чаралары жүрүп жатат, колго түшүрүү планы жарыяланды.

Талоончулук менен кол салууга айыпталып жаткан Азат Алымкулов 26-февралда, Аламүдүн РИИБсинин кызматкерлеринин кайтаруусунда тергөө абагынан сотко бара жаткан маалда качып кеткен.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова Kloop.kgге айыпталуучунун качып кеткендиги тууралуу аларга кечки саат 10до гана кабарлагандыктарын билдирди.

«Айыпталуучуну Аламүдүн РИИБсинин кызматкерлери күндүз алып кетишкен, а кечинде аны жоготуп алгандыктарын билдиришти. Азыр алар аны издеп жатышат», — деди ал.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев азырынча айыпталуучунун качышынын чоо-жайы белгисиз экенин айтты.

«Биз азыр толук маалымат ала элекпиз, бирок анын качып кеткендиги факт», — деп билдирди ал.

Осмонбаев качып кеткен жаран 1989-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөндүгүн, акыркы жылдары Бишкекте жашап жүргөндүгүн кошумчалады.

Учурда ИИМ менен Чек ара кызматы Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте аны издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул абактагылар коштомо күзөттөн качып кеткен алгачкы учур эмес. 2015-жылдын июнунда №1 тергөө абагына бара жаткан жолдо алдамчылык менен талап-тоноочулукка айыпталып жаткан бир туугандар Закир жана Ибрагим Юсуповдор качып кетишкен. Аларды үч күндөн кийин гана колго түшүрүүгө мүмкүн болгон.