Бишкектин шаардык  кеңешинин депутаттары борбордун жаңы мэрин шайлашты. Социал-демократтар фракциясынан жалгыз талапкер болгон Албек Ибраимовдун мэр болушуна «макул» деп 43 депутаттын 42си добуш берди.

Видео: Ибраимовдун шайланышы

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 27-февралда борбордун жаңы мэрин шайлашты. Социал-демократтар фракциясынан жалгыз талапкер болгон Албек Ибраимовдун мэр болушуна «макул» деп 45 депутаттын 42си добуш берди. Бирөөсү «каршы» деп добуш берсе, дагы экөөсү добуш берүүгө келишкен жок.

Жаңы мэр өзүнүн шайланышын «кыйратуучу жеңиш» деп эсептебей тургандыгын айтты. «Мен кыйратуучу жеңиш деп ойлобойм. Силер жакшы түшүнүп турасыңар, талапкер атаандашсыз болду» — деди ал.

Расмий түрдө Ибраимов кызматына үч күндүн ичинде, Бишкек шаардык кеңешинин анын дайындалышы тууралуу токтому чыккандан кийин киришет.

«Бул мага берилген ишеним насыясы, бирок абдан чоң, жоопкерчиликтүү. Мен өз балдарым, шаардын, депутатардын жана Кудайдын алдында жооптуумун», — деп билдирди мэр.

CcMb3LDWAAApFD8

Ибраимов Бишкекте таштанды иштетүүчү завод курууну убадалады. Айтымында, аны куруу иштери 2017-жылы башталышы керек.

Ал ошондой эле шаардагы унаа тыгындарын азайтуу боюнча өз чечимин сунуштады.

«Шаардагы унаа кыймылдарын уюштуруунун заманбап ыкмалары бар. Алар анчалык деле көп каражатты талап кылбайт. Ири шаарларда жумушчу күнүнүн башталышын 8ден, 10дон кылып коюшту. Мындай жол менен унаа токтотуу жайларындагы жүктөлүштөрдү азайтууга болот», — деди ал.

Бишкектин буга чейинки мэри Кубанычбек Кулматов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын 9-февралда жазган. Өкмөт башчысы ага ошол эле күнү кол койгон.

Мэрдин милдеттери убактылуу вице-мэр Айгүл Рыскуловага жүктөлгөн.

Шаар башчылыгына социал-демократтар фракциясынын бир гана талапкери сунушталган. Бишкек шаардык кеңешиндеги  калган үч фракция, «Замандаш-Современник», «Республика — Ата-Журт» жана «Ата Мекен» өз талапкерлерин сунуштабай эле коюу чечимин кабыл алышкан.