Улуу Британиянын парламент депутаты Кыргызстандын футбол федерациясын Азия футбол конфедерациясынын президентин шайлоодо шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифтин пайдасына добуш берүү үчүн пара алган деп айыптады. Кыргызстандын футбол федерациясынан ал билдирүүнү «саясий билдирүү» деп аташты.
Улуу Британиянын парламент депутаты Дэмиан Коллинз Кыргызстандын футбол федерациясы менен Азия футбол конфедерациясынын (АФК) башчысы Салман бин Ибрагим аль-Халифке карата тез аранын ичинде тергөө иштеринин башталышын талап кылууда.
Коллинздин айтымында, Салман жеңип чыккан 2013-жылдын майындагы АФКнын президентин шайлоого үч күн калганда Кыргызстандын футбол федерациясы Азиянын олимпиадалык кеңешинен «миллион фунт стерлинг» алуусуна жардам берүү өтүнүчү менен ага кайрылган деп болжолдоого негиз бар. Депутат белгилегендей, ал кезде олимпиадалык кеңешти Салмандын «жакын санаалашы» жетектеп турган. Ал акча Кыргызстандын футбол федерациясынын 53 долбоорун ишке ашыруу үчүн жумшалышы керек болгон.
Британ парламентарийи Эл аралык футбол федерациясынын эмес, а Эл аралык олимпиадалык комитеттин мүчөсү болуп эсептелген кыргыз федерациясында Азиянын олимпиадалык кеңешинен акча суроого бир дагы мыйзамдуу себеп болгон эмес деп эсептейт.
«АФКнын башчысын шайлоо бүткөндөн кийин Кыргызстандын футбол федерациясы кайрадан Азиянын олимпиадалык кеңешине барып, өз долбоорлору үчүн качан акча ала тургандыгын сураган. Бул Кыргызстандын футбол федерациясы олимпиадалык кеңештен каржы жардамын алабыз деп, шейх Салман үчүн добуш берген деп шектенүүгө негиз болуп берет», — деп билдирди Коллинз.
«Далилдер жок»
Кыргызстандын футбол федерациясынан депутаттын билдирүүсүн «саясий билдирүү» деп аташып, Коллинздин айыптоолорун четке кагышты.
«Анын эч кандай далили жок. Эмнегедир мунун баары [ФИФАнын президентин] шайлоонун алдында айтылып жатат. Анын баары шейх Салманды каралоо үчүн жасалган кара пиар. Ал саясий оюндун элементи», — деди Kloop.kgге Кыргызстандын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова.
Шейх Салмандын өкүлү дагы Коллинздин айыптоолорун четке кагып, депутатта «Салмандын кандай гана мыйзам бузууга тиешеси бардыгы боюнча ишенимдүү далилдердин жок экенин» билдирди.
Бул шейх Салмандын катышуусундагы алгачкы чатак эмес. ФИФАнын чиновниктери аны алдын ала келишилген оюндарды өткөрүүгө жана Бахрейдин футбол федерациясынын президенти кызматын мыйзамсыз ээлөөгө айыпташкан.
Салмандын кызыкчылыктарын коргогон лондондук Schillings юридикалык фирмасы 2009-жылы шайлоо алдындагы өнөктүк шейхтин жеке каражатынын эсебинен каржылангандыгын билдирди.
«Ал билдирүүлөрдүн жалган экенин андан ары эч кандай аракеттердин көрүлбөгөндүгү фактысы тастыктап турат. Шейх Салман ФИФАнын президенттигине ат салышып жаткандыктан, ага каршы жалган маалыматтарды таратуу өнөктүгү башталды».
Депутат өз билдирүүсүн 24-февралда, талапкер катары Салман бин Ибрагим аль-Халиф дагы катышкан ФИФАнын президентин шайлоого үч күн калганда жасаган. Ал шайлоо УЕФАнын башкы катчысы Жанни Инфантинонун жеңиши менен аяктаган.