Талап-тоноо беренелери боюнча айыпталып жаткан Азатбек Алымкулов коштомо күзөт кызматкерлери менен бирге саунада эс алып жаткан маалда качып кеткен, деп билдирди Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура талап-тоноо беренеси боюнча айыпталып жаткан Азатбек Алымкуловдун качып кетишине коштомо күзөт тобунун кызматкерлеринин кызмат абалдарын кыянат пайдаланганды себеп болгон деп шектенүүдө.
«Коштомо күзөт тобунун улук кызматкери А.Б. айыпталуучу Алымкуловду алып чыгып, эмгек өргүүсүндө жүргөн кесиптеши А.М. менен бирге сот жообуна тартылып жаткан адамдын аялы жашаган үйгө барышкан. Андан соң саунага барышып, кыздар менен спирт ичимдиктерин ичишкен», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, Алымкулов белгисиз кыз менен өзүнчө бөлмөдө болгон. Болжол менен саат 19:20да коштомо күзөт тобунун кызматкерлери айыпталуучунун терезе аркылуу качып кеткенин аныкташкан.
Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн коштомо күзөт тобунун кызматкерлерине карата Кылмыш кодексинин 305чи (кызмат абалын кыянат пайдалануу) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Коштомо күзөт тобунун кызматкерлери кармалып, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалышты. Тергөө жүрүп жатат.
Азатбек Алымкулов 26-февраль күнү тергөө абагынан сотко алып бара жатканда качып кеткен.
«Айыпталуучуну Аламүдүн РИИБсинин кызматкерлери күндүз алып кетишкен, а кечинде аны жоготуп алгандыктарын билдиришти. Азыр алар аны издеп жатышат», — деп билдирген анда Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынын өкүлү.