Полиция Москвадагы «Октябрьское поле» метро станциясынын жанындан колуна кичинекей баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн аялды кармады.

Эскертүү: Урматтуу окурмандар, бул материалда үрөйдү учурган фактылар менен кадрлар болушу мүмкүн. Эгер алар сизге зыянын тийгизет деп эсептесеңиз, анда макаланы окуп, видеону көрүүдөн карманууңузду сунуштайбыз.

Москванын полициясы «Октябрьское поле» метро станциясынын жанынан колуна баланын кесилген башын алып жүргөн белгисиз аялды кармады.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кармалган аял бала багуучулукту кесип кылып иштеп жүргөн — 29-февраль күнү эртең менен ал иштеп жүргөн үй-бүлөнүн батиринде өрт чыккан. Ал жакка барган полиция менен өрт өчүрүүчүлөр анда 3-4 жаштардагы башы кесилген кыздын денесин табышкан.

Кийинчерээк аял баланын кесилген башын алып «Октябрьское поле» метро станциясына чыккан жана РЕН-ТВ телеканалынын журналисттинин маалыматы боюнча, өзүн жардырып жибере тургандыгын айтып айланадагыларды коркуткан.

ЖМКлардын маалыматтары боюнча, аял Москвага Өзбекстандан барган.

РБК маалымат агенттиги билдиргендей, кыздын багуучусу үй-ээлери улуу баласы менен батирден чыгып кетүүсүн күтүп, «такталбаган себептер менен кызды өлтүрүп, батирди өрттөп, ал жактан кетип калган.

Агенттиктин Москванын укук коргоо органдарындагы маектеши болжолдуу маалыматтар боюнча, аял кыздын башын өзү менен кошо ала кеткен.

1-7

«Интерфакс» агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме кылып, кармалган аял «психотроптук заттардын» таасиринде болгондугун билдирди.

Айрым интернет колдонуучулар аялды кармоого полиция өтө эле көп — «40 мүнөткө жакын» убакыт кетиргенине ишендирип жатышат.

«Эхо Москвы» радиостанциясынын журналисти Арсений Веснин өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына чуркап бара жаткан полиция кызматкеринин сүрөтүн жайгаштырды — ал полиция кызматкери «баланын башын көтөрүп жүргөн аялдан качып бара жатканына» ишендирүүдө.

«Московский комсомолец» азырынча аял кармалган убак так «түшүнүксүз» болуп жатканын жазды.

«Эгер өрт 9.40та болсо, а аял түшкөн жакын кармалса, анда көчөдөгүлөр аялды саат канчада байкашкан», — деп жазды гезит.