Жалал-Абад облустук прокуратурасынын имараты 27-февралга караган түнү өрттөнгөн. Азырынча өрттүн себептери белгисиз, жабыркагандар жок.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын имараты 27-февралга караган түнү өрттөнгөн. Өрт каптаган жердин аянты 450 чарчы метрди түзгөн. Имараттын чатыры, ошондой эле андагы эмеректер менен документтер күйүп кеткен.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрттөн эч ким жабыркаган эмес. Учурда ал жерде тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Нурлан Тагаев Kloop.kgге курган маегинде өрттүн себептери өрт өчүрүү кызматынын экспертизасынан кийин гана белгилүү болорун билдирди.

«Азырынча өрткө каршы кызмат анын себептерин аныктай элек. Териштирүү иштери 5-10 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Азырынча болжолдуу версиялар да жок», — деди ал.

Учурда ӨКМ өрттүн себептерин жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмүн тактап жатат.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын нөөмөттөгү кызматкери Kloop.kgге прокуратура имаратынын «дубалдары эле калганын» айтты.

«Анда баары күйүп кетти. Дубалдары гана калды. Сейфтеги документтердин бир бөлүгүн гана сактап калууга мүмкүн болду», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Өрттү беш өрт өчүрүү унаасы төрт саат бою өчүргөн. Аны толугу менен 27-февраль күнү таңкы саат 5:45ке карата өчүрүүгө мүмкүн болду.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын кызматкерлери бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болуп жатышат.