Kloop.kgнин редакциясы  «Виксимити» стартабы үчүн акча издөөсүн улантып жаткан порталдын негиздөөчүлөрү Ринат Тухватшин менен Бектур Искендердин онлайн реалити-шоусунун экинчи эпизодун жарыялайт.

Тема боюнча: «Кыргыз стартабы» реалити-шоусу: 1-эпизод — Акча жок

Экинчи эпизодунда Бектур Искендердин кантип Борбордук Азиядан алгачкылардан болуп ТЕD конференциясында сөз сүйлөгөнү жана ал эл аралык конференцияга кимдердин катыша алгандыгы тууралуу айтылат. Искендер андагы сүйлөгөн сөзүн Ринат Тухватшин менен биргеликте 2007-жылы негиздеген Kloop.kg порталына арнаган.

Конференциядан кийин Бектур Искендер Кыргызстанга кайтып келбестен дароо эле Сан-Франциского барып, досунун гаражында жашап жатат. Ал анда башка ылайыктуу турак тапканча жашап турат.

Ошол маалда Тухватшин Бишкекте Кремний өрөөнүнө барууга акча издөөсүн улантууда.  

Реалити-шоунун көңүл борборунда — Viximity стартабы үчүн инвестор издөө үчүн бир канча айга АКШга барып келүү процесси. Ал сервис ЖМКларга дүйнөнүн бардык жеринен фрилансер-журналисттерди таап, алардын жардамы менен ар түрдүү өлкөлөрдөн түз видеотрансляцияларды уюштурууга мүмкүндүк берет.

Реалити-шоунун нөлүнчү эпизоду интернетте 10-февралда пайда болгон. Анда Искендер менен Тухватшин долбоор тууралуу кеңири айтып беришкен. Ал видеону 23 миңден колдонуучу көрүүгө жетишти.

Шоунун андан тогуз күн өткөндөн кийин интернетке чыккан биринчи эпизодунда Тухватшин менен Искендер өз артыкчылыктарын жана күчтүү жактарын талкуулашып, Калифорнияда жашоого канча акча керек экендигин эсептеп чыгышкан.

Стартапчылар долбоор батыш инвесторлорун кызыктырып, алардан 600 миң долларлык инвестиция тартууга мүмкүн болот деп үмүттөнүп жатышат.

«Албетте бул биздин колубуздан келет. Бека [Искендер] азыр TED конференциясына катышып Ванкуверде, Канадада жүрөт, а ал жакта [Калифорнияда] 1-мартта же февралдын аягында болот. Мен 2-мартта учуп кетүүнү пландап жаткам, бирок реалити-шоуго жарнама берүүчүлөрдөн акча топтоону улантуу үчүн бир аз кармалып калам го», — деп билдирген Ринат Тухватшин Kloop.kgге курган маегинде.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, Кремний өрөөнүндө жашоосу үчүн стартапчыларга 3682 доллардан кем эмес каражат табуу керек, учурда команданын карамагында ал сумманын үчтөн биринен азыраагы — 1100 АКШ доллары бар. Команданын Кремний өрөөнүндө комфорттуураак шарттарда жашап, эркин жылып жүрүүлөрү үчүн идеалдуу бюджет айына 9533 долларды түзөт.

«Кыргыз стартабынын» жаңы чыгарылыштары менен Kloop.kg сайтынан жана реалити-шоунун «Фэйсбуктагы» баракчасынан таанышып туруңуздар.