Раппопорт аллеясындагы бактарды кыюу маселеси алардын абалын аныктап чыга турган экспертиза жыйынтыктарынан кийин чечилет — бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясынан билдиришти.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан Раппопорт аллеясындагы бактарды Корумду — Тамчы унаа жолун кеңейтүү үчүн жапырт кыюу пландалууда.

Азырынча бактарды кыюу боюнча акыркы чечим жок, бирок мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бактарды «кыюуга мезгил келип жеткенин» айтып жатышат.

Ысык-Көл райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Тумар Абылгазиев Kloop.kgге бактарды кыюу боюнча акыркы чечим Токой институту тарабынан экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана кабыл алынарын билдирди.

Ал бактардын кыйылышы керектигин андагы унаа жолду куруу менен алектенип жаткан «Лонг Хай» компаниясы билдирип жатканын кошумчалады. Жолдун аллея жайгашкан бөлүгү ушул жылдын августуна чейин курулуп бүткөрүлүшү керек.

Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Токой институтунун директорунун милдетин аткаруучу Нурсултан Чынгужуев Kloop.kgге курган маегинде алар экспертизаны ушул аптанын аягына чейин бүткөрүүнү пландап жаткандыктарын айтты.

Чынгужуев андагы бактардын көбүн кыюуга мезгил келгенин, анткени жакынкы 3-5 жыл ичинде алар бөтөнчө микроорганизм себепкер болгон ооруларга чалдыга тургандыктарын айтты. Ал бактарды бирден кыюуга болбостугун белгиледи.

«Эгер биз азыр кайсыл бир экземплярларын калтыра турган болсок, анда башкалары кийин шамалдан кулап калышы ыктымал. Бактар тамыры менен кошо жолго кулап башташы мүмкүн. […] Азыр биз бактардын кайсыл бир бөлүгүн калтыруу ыктымалдыгынын бар-жоктугун объективдүү карап жатабыз», — деди ал.

Чынгужуев жаңы Раппопорт аллеясын башка жерге тигүүнү сунуштады.

Аллеядагы бактардын кыйылышы

CA-News маалыматтык порталы Транспорт жана байланыш министрлигине шилтеме жасап, Раппопорт аллеясы толугу менен кыйыла тургандыгын жазды.

Бирок министрликтин басма сөз кызматынан Kloop.kgге CA-News жаңылыкты «өз чечмелөөсүндө» чыгаргандыгын билдиришти.

«Биз Раппопорт аллеясы боюнча эч нерсе берген эмеспиз. Биз анын белгилүү бир тилкесиндеги бактарды казып омкоруу иштери жүргүзүлө тургандыгын билдиргенбиз, жол жээгинде башка бактар бар», — деди Kloop.kgге мекеменин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов.

Аллеядагы бактарды 2014-жылдын жайында, Ысык-Көл облусу «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» даярданып жатканда кыйып башташкан.

Анда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жалпы аллеянын 40-50 пайызын түзгөн куураган бактар гана кыйыла тургандыгын билдирген.
Раппопорт атындагы аллея Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаары менен Бактуу-Долоноту айылынын ортосундагы жолду жээктей тигилген. Аллея өз жумушчулары менен бирге 1934-жылы алгачкы көчөттөрдү тиккен жергиликтүү асыл тукум жылкы заводунун директору Леонид Раппопорттун атынан аталган.

Сүрөт: Foto.kg