Кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенттик кеңешинде иштеген Солтобек Эркин менен Адилет Кубанычбеков бийиктиги үч жарым, туурасы эки жарым метр болгон кыргыз калпагын жасатууда. Алар бул эмгегин 5-март калпак күнүнө карата даярдап жатканын айтышты.

Учурда студенттер Гиннес рекорд китебине кантип кирүүнүн жолдорун издеп жатышат.

"Гиннес китебине кирбей калса деле Борбордук Азиядагы эң чоң баш кийим катары таанылса дейбиз", - деди Солтобек Эркин.

Сүрөттө: Адилет Кубанычбеков (солдо) менен Солтобек Эркин.
Сүрөттө: Адилет Кубанычбеков (солдо) менен Солтобек Эркин.

Окуу жайдын студенттик кеңеши калпактын расмий ачылышын 5-март күнү “Манас” университетинде эртең менен тогузда өткөрүүнү пландап жатышат. Андан соң Ала-Тоо аянтында боло турган иш-чарада коюлаарын Kloop.kgге билдиришти.

Солтобек Эркин менен Адилет Кубанычбеков эң чоң калпакты жасоону мурдатан пландап келишкен. Эми аны аткаруу убактысы келип, чоң калпакты жасоо үчүн атайын тигүүчүлөрдү жалдашкан.

Керектелген акчаны “Манас” университетинин студенттери акча чогултуп каржылашкан. Канча каражат кеткенин азырынча жарыялабай эле турууну чечишкен.

Калпак учурда кийизден жасалып тигилүүдө. Кара түстөгү оймолордун үстүндө кылдаттык менен иштеп жаткандыктарын айтышты. “Анткени ар бир чийме, оймо чоң бир мааниге ээ”, — дешет алар.

Сүрөт: BBC Kyrgyz