Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Фонт» тоо кендерин иштетүү компаниясы 200 килограмм алдындын казылып алынгандыгы фактысын жашырганын аныктады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жалал-Абад облусундагы кендерди өздөштүрүү менен алектенген «Фонт» ишканасы 203 килограмм 529 грамм алтынды жашырганын билдирди.

«Фонт» компаниясы Чаткал районундагы «Сулу-Тегерек» жана «Куру-Тегерек» кендерин иштетүү менен алектенет.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы компания «Куру-Тегерек» кенинде казылып алынган алтындын көлөмү тууралуу туура эмес маалыматтарды берген деп шектенүүдө.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдиргендей, «Фонттун» отчеттук маалыматтарына ылайык, курамында алтын бар казылып алынган кендин көлөмү 1300 миңден ашык кубметрди түзгөн, бирок комиссиялык текшерүү анын 2200 миң кубметрди түзгөнүн аныктаган.

Демек, компания жалпы баасы 900 миңден ашык сомду түзгөн 203 килограммдан ашык алтынды жашырган.

Бул факты боюнча каржы полициясы «Коммерциялык же башка уюмдардын жумушчуларынын кызмат абалын кыянат пайдалануусу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн «Фонт» кен иштетүү компаниясы жеткиликсиз болууда.

Каржы полициясы азырынча бул боюнча кимдир бирөөнүн кармалган-кармалбагандыгы боюнча маалымат бербей эле.