Транспорт жана байланыш министрлиги сайттарды «экстремисттик» деп табуу тууралуу соттун чечимине чейин прокуратурага интернет-ресурсту убактылуу тосмолоо укугун берүүнү сунуштоодо.

1-мартта Транспорт жана байланыш министрлиги соттук териштирүүлөр аяктап, акыркы чечим чыгарылганга чейин интернеттеги «экстремисттик» материалдарга кирүү мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектөөнү сунуштады.

Мекеме прокуратурага соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин экстремисттик мазмундагы материалдарды убактылуу тосмолоого уруксат суроо укугун берүүнү сунуштоодо.

«Прокурор сотко арыз берип жатканда ал соттун акыркы чечими чыкканга чейин ал маалыматка жетүү мүмкүнчүлүктөрүн убактылуу чектөө өтүнүчү менен кайрыла ала алат. Тактап айтканда, сайтка толугу менен эмес, а конкреттүү материалга. Ал «Ютубдагы» видео же «Фэйсбуктагы» билдирүү болушу мүмкүн», — деп түшүндүрдү Kloop.kgге транспорт жана байланыш министринин орун басары Эрнис Мамырканов.

Ал убактылуу тосмолоо тууралуу акыркы чечимди сот кабыл ала тургандыгын кошумчалады.

«Соттун чечимисиз эч ким убактылуу чектөө же тосмолоо укугуна ээ болбойт», — деди Мамырканов.

Медиа-эксперт Надежда Алишева прокуратурага сотко чейин тосмолоо ыйгарым укугунун берилишине каршы эмес. Анын айтымында, көзөмөлдөө органы азыр деле жарандык-процессуалдук кодекске ылайык, материалга кирүү мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектөөнү өтүнө алат.

«Жогорку соттун пленумунун өткөн жылы кабыл алынган токтому бар. Анда сот доочунун арызы боюнча талашка түшкөн материалга карата ал каралып бүткөнчө чейин тыюу салуу тууралуу маалыматтык ресурстун ээсинин дарегине аныктама чыгаруугу укуктуу деп так жазылган», — деди ал.

«Белгилүү бир материалды тосмолоо мүмкүндүгү жок»

Ал ортодо Кыргызстандын ири интернет таркатуучулары эсептелген «Акнет» менен «Хоумлайндан» Kloop.kgге сайттагы өзүнчө бир материалды тосмолой албай тургандыктарын билдиришти.

«Техникалык жактан андай мүмкүнчүлүк жок», — деп билдиришти «Хоумлайндан».

2014-жылдын декабрында Башкы прокуратуранын жазма буйругунун негизинде Kloop.kg Кыргызстандын интернет таркатуучулары тарабынан толугу менен тосмолонгон.

Анда көзөмөлдөө органы казак балдарынын тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмуна тартылып жаткандыгы тууралуу Kloop.kgдеги бир гана макалага кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө буйругун берген.

Бирок интернет таркатуучулар техникалык жактан өзүнчө бир макаланы тосмолой алышкан эмес, андан улам сайт толугу менен бир жумага тосмолонгон.

Мамырканов азырынча өзүнчө бир материалдарды тосмолоого техникалык мүмкүнчүлүктөр жок экенин мойнуна алды. Бирок ал эгер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алына турган болсо, анда интернет таркатуучуларга Орусияда 1 млн. рубль турган атайын жабдууларды сатып алууга туура келерин кошумчалады.

«Трафик-инспектор» деп аталган технология бар, алар [интернет таркатуучулар] аны сатып алышы керек болот», — деди министрдин орун басары.

«Тосмолоо боюнча чечимди тездетүү»

Ошондой эле Транспорт жана байланыш министрлиги сайттарды экстремисттик деп табуу тууралуу укук коргоо органдарынын доо арыздары өтө эле узак  убакыт каралат деп эсептейт жана ал мөөнөттү 3-5 суткага чейин кыскартып чектөөнү сунуштоодо.

Өзгөртүүлөр ал сыяктуу иштердин сотто каралуу тартиптерине да тиешелүү болот — мекеме аларды жоопкердин катышуусуз эле кароого мүмкүн болгон иштердин категориясына киргизүүнү сунуштап жатат.

Бул сунуш Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитетте талкууланып, эскертүүлөр жана сунуштар менен жактырылган.