Польшанын гандбол федерациясы улуттук кураманы быйылкы Олимпиада оюндары менен 2017-жылда боло турган дүйнөлүк чемпионатка даярдай турган команданын машыктыруучусун тандады. Алар жашыруун добуш берүү жолу менен башкы машыктыруучулуука Кыргызстанда туулган Талант Дүйшөбаевди шайлашты.

Дүйнөнүн чемпиону жана олимиадалык алтындын ээси Талант Дүйшөбаев буга чейин СССРдин, КМШнын, Орусиянын жана Испаниянын курамаларында ойногон жана испан командасын машыктырган. Гандболчу Кыргызстанда туулган, бирок азыр Испаниянын жараны.

Марттан тарта ал гандбол боюнча Польшанын эркектер курамасын машыктырып баштайт.

Дүйшөбаев жашыруун добуш берүү жолу менен тандалды. Анда Кыргызстанда туулган машыктыруучу өзүнүн кесиптеши, польшалык гандболчу Питер Прызбецкиден көп добуш алды.

Федерациянын президенти Андрей Крашницки уюмдун расмий сайтындагы билдирүүсүндө алар «оор чечим» болгонуна карабастан чоң тажрыйбага ээ машыктыруучуну тандап алгандыктарын айтты.

«Бир жагынан бизде дүйнөлүк беделге ээ болгон көрүнүктүү, а экинчи жагынан өтө жаш, бирок абдан жөндөмдүү машыктыруучу болгон. Биздин чечимибиз кылдат анализден кийин кабыл алынды. Биз чоң тажрыйбага ээ, польшалык, дүйнөлүк жана биздин команданын гандболун мыкты билген машыктыруучуну тандап алдык», — деди Крашницки.

Дүйшөбаев кураманын машыктыруучусу катары өткөргөн алгачкы маалымат жыйында бул окуяга «абдан кубанычта» экенин айтты.

«Мен абдан кубанычтамын. Мен үчүн добуш бергендердин баарына ыраазычылык билдирем. Мен бул тандоо менен сыймыктанам», — деди ал.

Ал кесиптештеринин ишеничин актоо үчүн болгон күчүн жумшай тургандыгын кошумчалады.

Польшанын гандбол федерациясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, жаңы машыктыруучу кураманы 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына жана 2017-жылдын январында Францияда боло турган дүйнөлүк чемпионатка даярдайт.

Талант Дүйшөбаев — 1992-жылкы Олимпиада оюндарында жана 1993-жылкы дүйнөлүк чемпионатта алтын медалдарды уткан, кезинде КМШ курамасынын мурдагы капитаны болгон.

Дүйшөбаев Испанияга СССР таркагандан кийин көчүп кетип, 1995-жылы өлкөнүн жарандыгын алган. Ал ойногон «Кантабрия» командасы 1996-жылы АКШда жана 2000-жылы Австралияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарында коло медалдарга ээ болуп, Европанын  үч жолку чемпиону болгон.

Талант машыктыруучулукка кетип жатканын айтып, оюнчу карьерасын 2005-жылы аяктаган. Бирок бир жылдан кийин ага кайрадан оюнчу катары «Сьюдад-Реаль» командасына кайтып барууга туура келген. Анда ал команданын улуттук чемпионаттагы жана Европанын супер кубогундагы оюндарына катышкан. Акыркы жылдары ал Испаниянын «Сьюдад-Реаль» командасын машыктырып келген.